Акиев Салморбек Калыкович

Акиев, Салморбек Калыкович‎»‎ барагынан багытталды)

Акиев Салморбек Калыкович (5.5.1924- ж. т., Жумгал району, Кайырма айылы) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1971—85).
Ленинграддагы мамлекеттик хореографиялык окуу жайында окуган.
1953-ж. Республика партиялык мектепти бүткөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.
1946—47-ж. Опера жана балет театрында солист, 1947—69-ж. комсомолдук, партиялык жооптуу кызматтарда, 1969—80-ж. Кыргызстан КП Биринчи Май райкомунун 1-катчысы, 1980—86-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин СССР Министрлер Совети алдындагы туруктуу өкүлү болуп иштеген.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.