Жусупбек Акматов

Акматов Жусупбек‎»‎ барагынан багытталды)

Акматов Жусупбек - (4. 4. 1938-ж. туулган, Чүй облусу, Аламүдүн району, Арашан айылы) - генерал-майор (1983). КМУну (1961), КПСС Борбордук комитетине караштуу коомдук ИАны (1980) бүткөн. 1961-68-ж. Сокулук райондук прокуратурасынын стажёр-тергөөчүсү, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү, Кыргыз ССР ИИМинде оперуполномочен, 196872-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунда кеңешчи, улук кеңешчи, юридика бөлүмүнүн башчысы, 1972-75-ж. Кыргыз ССР Жогорку сотунун мүчөсү, 1975-79-ж. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин административдик органдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башчысы, 1980-82-ж. Москвада СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Башкы инспектордук башкармалыгында жооптуу кызматта, Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, 1982-87-ж. Кыргыз ССРинин Ички иштер министри, 198794-ж. ИИМдин Бишкек жогорку мектебинин окутуучусу, «Динамо» коомунун кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары. 1994-99-ж. ИИМде Кадрларды даярдоо борборунун начальниги. 1999-жылдан КРнын ИИМнин Академиясында окутуучу. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1980-85, 1985-90), КРнын билим берүү отличниги. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1