Акматов Руслан Тынымсейитович

Акматов Руслан Тынымсейитовичгеография илимдеринин кандидаты, доцент. География, экология жана туризм факультетинин деканынын орун басары. Кыскача өмүр таржымакалы Акматов Руслан Тынымсейитович 1973-жылы 24-августа Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында туулган. Улуту – кыргыз. 1990-жылы Кара-Жыгач айылындагы Кызыл-Жазы орто мектебин аяктаган. 1996-жылы ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин география адистигин бүтүргөн. 1999-жылы КР УИУ академик М.Адышев атындагы геология институтунун күндүзгү аспирантурасын, геоэкология адистигин аяктаган. 1998-жылдан И.Арабаев атындагы КМПУнун биология жана химия факультетинин биология кафедрасынын окутуучусу. 1999-жылдан. И.Арабаев атындагы КМУнун экология жана жаратылышты пайдалануу институтунун сырттан окуу жана кадрларды кайра даярдоо бөлүмүнүн башчысы. 2000-жылдан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректорунун жардамчысы. 2001-жылдан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ЖОЖго чейинки даярдык жана маркетинг борборунун директору. 2002-жылдан Жалал-Абад мамлекеттик университетинин агрардык-биологиялык факультетинин география кафедрасынын башчысы. 2003-жылдан И.Арабаев атындагы КМУнун география кафедрасынын ага окутуучусу. 2006-жылдан И.Арабаев атындагы КМУнун география, экология жана туризм факультетинин деканынын орун басары. 2008-жылдан И.Арабаев атындагы КМУнун экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын башчысы. 2010-жылдан И.Арабаев атындагы КМУнун экология жана туризм институтунун директорунун орун басары 2015-жылдан И.Арабаев атындагы КМУнун география, экология жана туризм факультетинин деканынын орун басары. 2002-жылы география илимдеринин кандидаты. Темасы: «Кыргызстандагы суу сактагычтардын айлана чөйрөгө жана калктын социалдык-экономикалык абалына тийгизген таасири» 2014-жылы доцент наамын алган.

Үй-бүлөсү тууралуу маалымат Үй-бүлөлүү, үч балалуу (бир кыз, эки уулу бар).

Илимий ишмердиги: Кыргызстандагы суу сактагычтардын пайда болуу тарыхы, алардын айлана чөйрөгө жана калктын социалдык-экономикалык абалына тийгизген таасири. Суу пайдалануунун экологиялык, экономикалык жана саясий проблемалары, Гидроэнергетика. Мамлекеттер аралык суу пайдалануу боюнча келишимдер кайрадан каралышын, суу сактагычтар биринчи кезекте энергетикалык багытта иштеши керектигин айтып келет. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери карай Токтогул суу сактагычында суунун тартыштыгы байкалууда. Алсак, суунун көлөмү апрель айында 1998-жылы 7,2 млрд. м3, 2008-2009-жылдары 6,4-6,3 млрд. м3, 2015-жылы 6,4 млрд. м3 төмөн түшүп кеткен. Демек, аталган жылдары электр энергиянын таңкыстыгы байкалды. Ошондуктан, Нарын дарыясындагы суунун келүүсүнө прогноз жүргүзүү менен Токтогул ГЭСиндеги диспетчердик кызматтын ишин оптималдаштыруу керек. Бул багытта Илим департаментине долбоор берилип иш жүрүүдө. Ошондой эле, КР энергетика башкармалыгы менен биргеликте иштешүүдө. Докторлук жана кандидаттык диссертацияларды (Д.25.15.515) коргоо боюнча кеңештин мүчөсү. “Кыргызстанда суу сактагычтардын геоэкологиялык таасирлери” деген темадагы докторлук диссертациянын үстүндө иштөөдө.

Негизги илимий-методикалык эмгектери: 1. Токтогул суу сактагычы. (Монография). – Б.:«Элпек», 1998-ж. 2. Кыргызстандын суу сактагычтары. (Монография). – Б.: «Айат», 2006-ж. 3. Западный Тянь-Шань (Туристический путеводитель Беш-Аральского, Падыш-Атинского, Сары-Челекского заповедников и Узун-Акматского заказника). – Б.: «Айат», 2007-г. 4. Гидрология (учебно-методический комплекс) Б.: ОсОО «Солюшин», 2014г. 5. Общее землеведение (учебно-методический комплекс) Б.: «Алтын-Тамга», 2014г. 6. Разработка госстандарта 3 поколения по «Естественно-научное образования». КГУ им. И.Арабаева 2015г.

Сыйлыктары түзөтүү

Сыйлыктары. Наамдары: Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, И.Арабаев атындагы КМУнун, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын, КР өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары.