Акрамхужаев, Обид Мурадович

Акрамхужаев, Обид Мурадович (1920-ж.т., Ташкент шаар – 1996, ошол эле жерде геолог, геология-минералогия илимдер доктору (1959), Өзбек ИАнын академиги (1966), вице-президентти Өзбек ССРнин илимге эмгек сиңирген ишмери (1964). Орто Азия политехника инистутун бүткөн (1945). Өзбек ССР ИАнын Геол. ин-тун илимий кызматкер (1957 –1959), 1959-жылдан Өзбекстандагы нефть жана газ кендеринин геология жана чалгындоо инистунда директор. Өзбекстан География коомунун президенти. А. негизги илимий иштери Өзбекстан жана Түштүк Кыргызстандын чөкмө тоотек катмарларындагы нефть-газ чыгуучу геол. свиталарды, нефть-газ пайда кылуучу ж-а топтолуучу зоналарды белгилөө б-ча комплекстүү изилдөөгө, нефть менен газдын келеченгин аныктоого багытталган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана нече медалдар менен сыйланган. Илимпоздун урматына Ташкент шаарындагы бир көчө аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү