Аксуубай Атабаев (1943-2011) - Кыргызстандын эл артисти, белгилүү обончу, ырчы, 200гө жакын обондордун автору.

Аксуубай Атабаев.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Аксуубай Атабаев 1943–жылы 22–декабрда Кыргызстанда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун “Ак-Булуң” айылында туулган.

Кыргызстандын Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп–интернатта окуган.

Бир жарым жыл Советтер Биримдигинин Кронштадттагы Аскер-деңиз флотунда кызмат өтөп, ооруга байланыштуу, бир өпкөсүнөн операция болуп, кыргыз жергесине кайтып келет.

1963-жылы Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына “Хордун артисти” кызматына кабыл алынган.

1970-жылы Бишкек шааарындагы (мурдагы Фрунзе) Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын элдик аспаптар бөлүмүнө кабыл алынып,комуз боюнча адистикке ээ болгон.

1970-1976–ж.ж. Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук драма театрында музыкант болуп иштейт.

1974-1979-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр Институтунун маданий-агартуу факультетин бүтүргөн.

1979-1982 ж.ж. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда солист, 1982-жылдан Республикалык кесипчилик-техникалык окуу жайынын Маданият Ордосунун директору болуп иштеген.

15ке жакын ар кандай өздүк көркөм чыгармачылык топторун түзгөн.

2010-жылы Аксуубай Атабаев ардактуу эс алууга чыккан.

Аксуубай Атабаев 2011-жылы бештин айында (12-декабрь күнү) жүрөк оорудан кийин дүйнө салды.

Аксуубай Атабаев менен ордо шаардагы коштошуу 13-декабрь күнү саат 10.00до Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында өттү.

14-декабрда сөөгү (маркумдун керээзи боюнча) туулуп өскөн кыштагында - көлдүн Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылында жерге берилди.

Чыгармачыл ишмердиги түзөтүү

Аксуубай Атабаев - классикага айланган кыргызча мыкты обондордун автору.

“Чагылган”, “Он сегиз жаш”, “Эне жөнүндө баллада”,”Тоолор”, “Таалайбек”,”Айгүл ай””Жүрөк эңсейт” жана башка ырлары кыргыз обондуу ырларынын алтын казынасынан орун алды.

Аксуубай Атабаев акыркы жылдары өмүр жашоо, арман тууралуу көлөмдүү чыгармаларды жазып келди.

“Арман дүйнө, жалган дүйнө” аттуу балладасы, Алыкулду кумир тутуп, ага арнап жазган “Алыкул тууралуу ода” (Сөзү Анатай Өмүркановдуку) аттуу чыгармасы композициялык, обондуулук жактан жаңыча иштелген чыгармаларынан болду.

Анын ырларын аткаргандар түзөтүү

СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыев, Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрмек Мойдунов,Зейнеп Шаакеева,Гүлмайрам Момушева, Сабира Суранчиева, Анарбек Ибраев, Майрам Дүйшөкеева, Керим Турапов, Султан Каримов, Гүлнур Сатылганова, ж.б.

Азыр да жаш ырчылар А.Атабаев жараткан бул обондуу ырларга кайрадан өмүр жаратып, аткарып жүрүшөт.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Аксуубай Атабаевдин кыргыз музыка өнөрүнө сиңирген эмгеги жогору бааланып, грамоталар, медалдар менен сыйланган.

1988-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган.

2000-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамын алган.

2010–жылы Аксуубай Атабаевдин ысымы өзү иштеп кеткен Республикалык кесипчилик-техникалык окуу жайынын Республикалык маданият үйүнө ыйгарылган.

Жүрөк эңсейт

“Чагылган”,
“Он сегиз жаш”,
“Эне жөнүндө баллада”,
”Тоолор”,
“Таалайбек”,
”Айгүл ай”
”Жүрөк эңсейт”.

Адабият түзөтүү

  • Ала-Тоо таңшыйт: Обондуу ырлар / Түзгөн Балбай Алагушев. - Алтынчы басылышы, толукталган. - Бишкек: Шам, 2005. - 448 бет. - ISBN 9967-10-230-6.

Аткарылып жүргөн чыгармалары түзөтүү

  • «Курбуларыма» с. М. Буларкиеваныкы (1961-ж.)
  • «Тоолор» с. А. Кыдыровдуку (1962-ж.)
  • «Эне жөнүндө баллада» с. С. Өмүрбаевдики (1962-ж.)
  • «Чагылган» с. К. Алмазбековдуку (1964-ж.)
  • «Атакем» с. А. Кыдыровдуку (1965-ж.)
  • «Издеп келем» с. А. Кыдыровдуку (1965-ж.)
  • «18 жаш» с. К. Бакашовдуку (1964-ж.)
  • «Жаанда» с. А. Кыдыровдуку (1965-ж.)
  • «Арноо» с. Э. Турсуновдуку (1970-ж.)
  • «Сен гана жоксуң жанымда» с. И. Исаковдуку (1970-ж.)
  • «Жүрөк эңсейт» с. Ж. Садыковдуку (1966-ж.)
  • «Мектебим» с. А. Кыдыровдуку (1969-ж.)
  • «Бала бакча» с. А. Кыдыровдуку (1969-ж.)
  • «Кыргыз жери» с. К. Бакашовдуку (1964-ж.)
  • «Таалайбек» с. А. Кыдыровдуку (1966-ж.)
  • «Алтын казык» с. С. Урманбетовдуку (1974-ж.)
  • Категория:20-кылым]]

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү