Актант (лат. ago – кыймылга келтирем, аракеттенем) – сүйлөмдүн этиш аркылуу берилген процесске, кыймыл-аракетке түздөн-түз катышкан, ошол кыймыл-аракеттин жагын, нерселик (предметтик) түшүнүгүн туюнткан ар бир мүчөсү.

Актант түшүнүгү сүйлөмдүн вербоцентрикалык теориясына тиешелүү түшүнүк катары (кыймыл-аракеттин нерселик, предметтик катышуучусу катары) кыймыл-аракеттик процесстин мезгили, оорду, сан өлчөмү, сын-сыпаты, ар түрдүү кырдаалы менен байланышкан сирконстанттарга карама-каршы коюлат.

Л.Теньер Актанттын үч түрүн көрсөтсө (ээни, тике, кыйыр толуктоочту туюнтуучу), кийинки изилдөөчүлөр Актанттеориясын андан ары улантуу жана тереңдетүү менен, аны сирконстанттардан так ажыратууга аракеттеништи. Актанттын номенклатурасын тактап, синтаксистик семантика үчүн анын өтө маанилүүлүгүн көрсөтүштү. Актант катары сүйлөмдөгү ар бир субстантивдик мүчөнү атоо менен, синтаксистин семантикалык теориясында семантикалык Актанттарды, б.а., ситуациянын элементтерин – субъект, объект, адресаттарды жиктеп бөлүштүрүү зарылчылыгын айтышты. Ушул негизде кыймыл-аракеттин, процесстин субстантивдик мүнөзүн аныктоо үчүн Актантсыз, бир Актанттуу, эки Актанттуу, үч Актанттуу этиш деп бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул мааниде Актант термини валенттүүлүк термини менен дал келгендиги байкалат. Валенттүүлүк теориясында да аваленттүү этиш, бир валенттүү этиш, эки валенттүү этиш деп бөлүштүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4