Алыбек Акунов

Акунов Алыбек‎»‎ барагынан багытталды)

Акунов Алыбек - (1958-ж. туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Акучук айылы) – саясат таануучу, тарых илимдеринин доктору (2001), профессор (2002). Ж. Баласагуни атындагы сыйлыгынын лауреаты (1998). 1981-ж. КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. Кыргыз ССР Архив башкармалыгында архивчи, Кыргыз Совет энциклопедиясында илимий редактор, КУУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, окуу борборунун, 1999-жылдан Мамлекетти башкаруу жана социалдык изилдөө институтунун директору. Илимий эмгектери негизинен Кыргызстандын саясий тарыхын, мамлекеттик башкаруу жана адам укуктарын изилдөөгө багытталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1