Акустикалык оптика - оптиканын электрмагниттик толкундардын катуу жана суюк заттардагы үн толкундары менен өз ара аракеттешүүсүн үйрөтүүчү бөлүмү. Көпчүлүк акустикалык оптика түзүлүшүнүн иштөөсү ультраүндө жарыктын дифракция кубулушуна негизделген. Дифракцияланган жарыктын кыйшаюу бурчу үндүн толкун узундугуна көз каранды. Кабыл алынуучу үндүн жыштыгын өзгөртүү менен ошол бурчту каалагандай өзгөртүүгө болот. Бул принциптин негизинде акустикалык оптика дефлектор жана сканерде колдонулат. Жарыктын үн менен өз ара аракеттешүүсү когеренттүү жарык нурлануусун башкаруу үчүн оптикада, электроникада, лазер техникасында кеңири пайдаланылат, ошондой эле жарык сигналынын амплитудасын, поляризациясын, спектр түзүлүшүн жана жарык нурунун таралуу багытын башкарууга болот. Негизги нур менен дифракция нурунун арасында энергиянын бөлүштүрүлүшү үндүн интенсивдүүлүгүн өзгөртүү менен башкарылат. Бул эффект жарык агымынын интенсивдүүлүгүн башкаруучу акустикалык модулятордо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1