"Акча уюгу" (англ. The Drop, орус. Общак) - Америкада 2014-жылы тартылган криминалдык драма. Ага Майкл Р. Роскам режиссерлук кылып, сценарийин Деннис Лихейн жазган. Тасма Лихейндин 2009-жылы жарык көргөн "Айбанаттарды куткаруу" аттуу аңгемесине негизделген. Ошондой эле Лихейн бул сценарийди 2014-жылдагы ушул эле аталыштагы романга ылайыкташтырып жазган. Фильмде Том Харди, Нуми Рапас, Жэймс Гандолфини башкы каармандардын образын жаратса, экинчи пландагы ролдордо Маттиас Шонартс, Жон Ортис жана Жэймс Фрешвилл ойношкон. Тасма алгачкы жолу 2014-жылы Торонто кинофестивалынын атайын чыгарылыш бөлүмүндө көрсөтүлүп, андан соң ошол эле жылдын 12-сентябрынан тарта кинотеатрларда чыгарыла баштаган.

"Акча уюгу" Гандолфининин акыркы тартылган тасмасы болуп калган.

Кассалык жыйымдар түзөтүү

Башында "Акча уюгу" Түндүк Американын 809 кинотеатрында көрсөтүлүп, 4,104,552 доллар киреше алып келе алган. Бул орточо эсеп менен ар бир кинотеатрдан 5,074 доллар чогултту дегенди билдирет жана кассалык жыйымдар боюнча 6-орунга чыккан. Ал эми тасма андан ары кулач жайып олтуруп АКШнын 1,192 кинотеатрларында көрүүчүлөргө сунушталгандан кийин 10,724,389 доллар жана ошондой эле чет өлкөдөгү кинотеатрлардан 7,933,992 доллар чогултуп, жалпы киреше булагы 18,658,381 долларды түзгөн — бул тасманын өз бюджети болгон 12.6 млн доллардан алда канча жогору сумма.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү