Ак-Сай -жердин аты,айыл.

Ак-Сай тарыхый комплекси.

Тарыхый топоним. Махмуд Кашгаринин XI кылымдагы анын үч (азыркы үч турпан) округунун аймагына жакын экендигин билдирет. Орто кылымдагы адабияттарда Ак-Сайга чектеш же жакын жаткан Торугарт ашуусу, Ат-Башы шаары, Арпа-Йасы талаасы, Ташы-Рабат кербен сарайы ж.б. аталат. Буга Кара-Тлда байыркы Ак-Сай азыркы Ак-Сай сыртына туура келээри шек болгон Ак-Сай өрөонүн жергиликтүү кочмон эл эзелтен эле пайдаланып |чпен. Кек-Аргын менен Сары-Иймектен табылган неолит мезгилидеги буюмдары буга ачык далил болот. Ак-Сай ороөнү Ички Теңир-Тоодогу бийик тоолу.

Ак-Сай тоосу.

Географиясына карата Батыш Ак-Сай жана Чыгыш Ак-Сай болуп мүдүрүм өроөнүнөн бөлүнөт. Батыш Ак-Сай өрөөнү Ат-Башы, Ак-Жер, Кок-Кыя тоолору жана Какшаал тоо тизмеги менен курчап. Ал эми Чыгыш Ак-Сай өрөонү деңиз деңгээлинен 2900-3800 мли. Инмиктс жайгашып, курчаган тоолордун эң бийик жерлери 3900-5000 м түзөт.

Чыгыш бөлүгүнүн кээ бир жерлери адыркудуруу, ортоңку бөлүгү түзөң жапыз кашаттуу келет. Көк-Кыя, Сары-Белес, Кежиге сыяктуу бийик тоолору бар.

Климаты кескин континенттик өрөөн, Орто Азиянын «суук уюлу». Январдын орточо температурасы-29°С, июль айыны орто чеиинде-8°С. Жьшдык жааи чачыны 257 мм. Кышында кар аз түшүп, айрым жылдары жер «кара» чыгыт. Өрөөндүн бардык жеринде түбөлүк тоң тараган.
Негизги суусу Ак-Сай жана анын ири куймалары (Мүдүрүм, Муздабас, Кош-Кара-Таш, Терек). Ак-Сай өрөөнү Кыргызстандагы ири жайлоо жана кыштоо. Өрөөндө Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун малы багылат. Өрөөн батыштан Торугарт чыгыштан Босого авто жолдору аркылуу байланыштырат.

Ак-Сай (Алабуга) таш-көмүр кени. Ат-Башы жана Ак-Талаа районунун аймагында, Жаман-Даван тоосунун түндүк капталында, Ак-Сай суусунун жогору жагында жайгашкан. Кен байлык 1957-59-жылдары чалгындалган. Көмүрлүү катмар юра мезгилинде пайда болуп, кендик багытта 4 кмдей созулуп жатат. Калындыгы 45 мдей. Катмар негизинен чопо, кумдук жана майда жумуру таштуу конгломераттан түзүлүп, арасындагы көмүр кабатчаларынын калындыгы бир нече смден 6,9 мге чейин жетет. Запасы 182,8 миң тонна. Терендеги көмүр катмарлары изилдене элек. Көмүр кени 1993-жылы Беш-Сары, Сардар чакан ишканалрдын күчү менен иштетиле баштаган.