Аламут الموتОңдоо

Аламут, Хассан Саббахтын чеби 2163 метр бийиктикте Талыш тоолоруна жана борбордук Эльбрус тоосуна жакын, Ирандын Казвин облусунда Тегерандан 100 километр алыстыкта жайгашкан тоолуу сепил, азыркы учурда анын таштандылары гана калган. Хамдаллах Мостоуфиге таянсак, сепил 840- жылы тургузулган. Курулушунун экинчи божомолдуу тарыхы 859- жыл. Ал Рудбар Тоо кыркаларында Шахруд жана Аламут дарыяларынын жанында, өзүнчө турган 200 метр бийиктиктеги дөбөчөдө орун алган.

Исмаилиттердин чебиОңдоо

XI-кылымдын акырында Рудбар аймагында жашаган элдин көбүнчөсү исмаилиттер болушкан. Исмаилизмге Алави Махду сельджуктардын Аламуттагы башчысы да моюн сунуп турган. 1090-жылы ал сепилди Хасан ибн Саббах низариттердин лидерине 3000 алтын динарга берип салган. Аламутту басып алуу Иранда исмаилиттердин мамлекетинин түптөлүшүнө алып келген. Бир канча жылдын ичинде Хасан ибн Саббахтын жактоочулары бир канча шаарларды (Каин, Тун, Заузан, Табас, Хур) жана сепилдерди (Ламасар, Гирдкух, Танбурак) Кухистанда, Фарста, Хузистанда жана Мазандаранда басып алышкан. Ата Малик Жувейни - «Аламутту алган соң, Хасан өзүнүн көңүлүн Аламут чебинин тегерегинде, ага жакын жайгашкан аймактарга бурган». Юрун Таш эмир, Рудбар аймагынын кожоюну, бир канча жолу сепилге кол салууларды жасаган, бирок натыйжа эч кандай натыйжа ала алган эмес. 1092-жылдын башында султан Малик Шах I, эмир Арслан Таштын жетекчилигинин алдында Аламутка каршы армия топтогон. Сепилди 60-70 гана киши коргогонуна жана тамак аштын тартыштыгына карабай бир канча ай курчоого туруштук беришкен. 1092-жылдын октябрь айында Хасанга Рея жана Казвинден 300 исмаилит жардамга келген. Түн ичинде күтүлбөстөн кол салып, Арслан Ташка кату сокку уруп жеңилүүгө аргасыз кылган. Бир айдан соң Низам ал-Мүлк вазирдин (1092-жыл 14-октябрь) Хасан тараптан жиберилген адамдан киши колду болуп өлгөн соң Малик шах дүйнөдөн кайткан. Мамлекет ичинде султандын мураскерлери бийлик талашы аркылуу бир канча убакытка Аламутту унутта калтырган. Хасан бул абалдан пайдаланып, 1096-жылы Ламасар сепилин басып алды да,өзүнүн ордун Рудбар аймагында бекемдеген. Жувейниге таянсак, Хасан ибн Саббах өзүнүнөмүрүнүн бүткүл 35 жыл бою Аламуттан ылдый түшкөн эмес, эки жолу гана өз үйүнүн үстүнө чыккан, калган убактысын намаз, сыйынуу, орозо, китеп окуу, өз окуусун түзүү жана мамлекеттик иштер менен алек кылып өткөзгөн. Аламутта атактуу даанышмандар, сыйкырчылар жана алхимиктер чогулган жана илимий иштерди жасап турушкан. Насир ад Дин Туси (1201-1274) улуу астроном, математик жана философ көптөгөн жылдар бою бул чепте жашап өзүнүн илимий эмгектерин жарыка чыгарган. 1256-жылы Туси исмаилит чептеринин монголдордун карамагына өтүшүнө жардам көрсөткөн жана өзү Хулагунун кол алдына өтүп анын кеңешчиси жана астрологу болуп кызмат кылган. Аламут, Ала ад Дин Мохаммад (1221-1255), Меймундиз шаарына тактыны көчүргөнгө чейин Хасан ибн Саббахтын мураскерлеринин жашаган жайы болуп саналган.

Сепилдин кулашыОңдоо

Мунке (1251-1259) Монгол мамлекетинин улуу ханына Казвин жана тоолу Перс аймагынын элинен исмаилиттердин зыян кылып аткандыгы тууралуу айып айтылган. Бул Иранга карай жол жүрүнүн (Иранды басып алуу 1220-жылы башталган) жана мамлекетти толук бойдон басып алууга негизги себеби болуп берди. 1253-жылы март айында Кит Буги корпусу Кухистанда согуштук амалдарды аткарган. Булл Хулагунун армиясынын авангарды болуп эсептелген, кийинчереек 1256-жылы чоң масштабдуу жакынкы чыгышка жоортул уюштурулган. Кит Буга манилүү кадамдарды жасай алган жок. Анын алдында өтө аз аскер күчү болгон, ал эми исмаилиттердин чептери коргонууга кату даярдыкта болгон. Абал негизги күчтүн келиши менен өзгөрүүгө дуушар болду. 1256-жылдын январь айында Хулагу, Амударыяны кечип өтүп Аламутту курчоого алган. 19-ноябрда имам Рукн ад Дин Хуршах жеңүүчүлөрдүн ырайымына үмүт кылып, монголдорго Меймундиздеги чептин дарбазасын ачып берген. Хулагунун талабы менен, мамлекеттин бүткүл тарабына атчан кабарчылар капитуляция, баш ийип берүүгө буйрук айтылып жибертилген. Кыркка жакын чеп башчылары өз ыктыярлары менен чеп дарбазасын ачып берген. Бирок Аламут менен Ламасар бир канча убакыт каршылык көргөзгөн. 15-декабрда Аламутка чабуул башталып, 19-декабрда бекем чеп баш ийген. Ата Малик Жувейни тарыхчы, согуштарда Хулагы менен бирге жүргөн инсанга Аламуттун китепканасы менен таанышууга буйрук берген. Жувейни андан «Гилян жана Дейлемдин тарыхы» 10-кылымдын белгисиз авторунун китебин тапкан анда Хасан ибн Саббахтын өмүр таржымалы жазылган. Жувейни библиотеканын толук жок болушунан сактап калган, бирок исмаилит догматикасынын бир бөлүгүн кийинчереек өрттөп жиберген.

Исмаилиттерден кийинки абалОңдоо

Сефевиддердин доорунда Аламут башкарып жаткан династияга каршы чыккан саясий каршылаштардын түрмөсү болгон. Кажар убагында Рудбар аймагындагы чептердин көбүнчөсү казына издөөчүлөрдүн арты менен тонолуп кеткен.

Азыркы абалыОңдоо

2004-жылы жер титирөөнүн акыбетинде чептен сакталып калынган бөлүгү дагы зыянга дуушар болду. Азыркы учурда Рудбар аймагында Ирандын маданий мурастарынын жана туризм уюмунун кол алдында Аламут тарыхый жана маданий долбоору иштеп турат. Аламут Ирандын тарыхый эстеликтеринин реестрине каталган.

Аламут популярдуу маданияттаОңдоо

КинематографияОңдоо

  • Перс ханзаадасы: убакыттын куму (2010)- Майкл Ньюэллдин фильми. Аламут фильмде ассасиндердин сепили эмес, падышанын кызы Таминанын ыйык шары болуп көрсөтүлгөн жана шаардан башка жерде жайгашкан.

Көркөм адабият

  • Аламут (1938)- Владимир Бартола словендик жазуучунун романы.
  • Аламут (Alamut,1989), TheDaggerandtheCross, 1991- Жудит Тар америкалык жазуучу.
  • Аламуттун көлөкөсү (2006)- Владислав Силиндин романы.
  • Умберто Эконун Фуко маятнигинде (IlpendolodiFoucault, 1988) Аламут мистикалык таш катары көрсөтүлөт. Эконун башка бир романында негизги каармандар ассасиндердин сепилине түшүп калат.
  • Эрнст Вильгельм немис жазуучусунун Көгүчкөн шурусу романында (DasHalsbandderTaube, 1994) Гейне негизги карман, тамплиер батыры Аламутка карай сапар жасайт.
  • Виктор Пелевиндин Ассасин аңгемесинде Али атту кичинекей баланын аты аталат жана анны кичинекей кезинен Аламут чебине алып барып андан киши өлтүргүч ассасинди даярдап чыгышат.
  • Хаггарддын «Агалар» романында кээ бир иштер Аламут чебинде болот.
  • Луис Ламурдун романында да эскерилет.

Маданият, Архитектура