Ала-Арча Улуттук Парк

Ала-Арча, улуттук табият парк‎»‎ барагынан багытталды)

Ала-Арча паркы - мамлекеттик тарабынан коргоого алынган аймак, улуттук парк. Кыргыз Ала-Тоосунун эң бийик борбордук бөлүгүнөн башталып, түн. тарапты карай созулуп жаткан. Ала-Арча капчыгайын ээлейт. Бишкек шаарынан 35 км түштүк тарапта. Аянты 19,4 миң га. Деңиз деңгээли 1600–4200 м бийиктикте; орточо бийиктиги 3300 м.

Отурукташкан жай
Ала-Арча
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Чүй
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1976-жыл
Калкы
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Расмий сайты https://alaarchapark.kg/

Паркты уюштурууга чейин капчыгай аркылуу Суусамыр жайлоосуна малайдалчу жол өткөндүгүнө жана анда шаар калкынын чар жайыт эс алгандыгына байланыштуу, илимий жолго коюлбаган чарбалык пайдалануудан Ала-Арчанын экосис-темасы, айрыкча жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү бир кыйла өзгөргөн. Парк Ала-Арча капчыгайынын уникалдуу ландшафтын коргоо, табигый өсүшүнө жана калыбына келишине шарт түзүү, ошондой эле ал жерде калктын эс алуусун пландуу уюштуруу максатында 1976-ж. негизделген. Ала-Арча жанаша жаткан капчыгайлардан табигый шарты башкача бир топ айырмаланат. Кыргыз Ала-Тоосунун негизги кыркасынан ажырап, түндүктү карай жапыздап, чыгышынан Аламүдүн, батышынан Жыламыш капчыгайларынан бөлүнүп турат. Капталдарын тик аскалар жана коргул таштар ээлеген капчыгайдын рельефи татаал. Жогору жагы төрлөр, жылгалар, тепши сымал өрөөндөр, аскалуу бийик чокулар менен бүтөт. Ала-Арча улуттук паркынын жана жалпы эле Кыргыз Ала-Тоосунун эң бийик жери – Аламүдүн чокусу (4893,4 м), Аламүдүн айрыгында жайгашкан. Паркты курчаган тоолордо 60тан ашык чокулардын бийиктиги 4000 мден ашат. Алардын маанилүүлөрү: Таажы (4866,7 м), Эркин Корея (4840 м), Мугалим (4500 м), Текетөр (4444 м) жана башкалар. Бул чокулар тоо туризминин жана альпинизмдин өөрчүшүнө шарт түзөт. Климаты жагымдуу. Күн тийүү узактыгы Ысык-Көл курорт зонасынан калышпайт (жылына 2100–2700 с.). Январдын орточо темперетурасы 7,8°С, июлдуку 12,2°С. Жылдык орто жаан-чачыны 540 мм. Ала-Арчанын төрлөрүндө (3500 мден жогору) жайгашкан мөңгүлөрдүн жалпы аянты 53,6 км2.

Ала-Арча кышында

Ири мөңгүлөрү: Голубин (Жиндисуу), Аксай, Текетөр, Топкарагай, Туюк, Адыгене жана башкалар. Ала-Арчадан шар аккан, шаркыратма суулар башталат. Жай мезгилинде Ала-Арча суусунун орточо чыгымы (4,17 м3/сек) 5–10 эсеге артат. Ландшафттына бийиктик алкактуулук закон ченеми мүнөздүү: тоо этегинде (адырларда) талаа, андан жогору токой-талаа-шалбаа, субальп, альп жана гляциалдык-нивалдык алкактары, өсүмдүктөрү да башка капчыгайлардан өзгөчөлөнөт. Ала-Арчадагы Тянь-Шань карагайы коңшулаш капчыгайларда кездешпейт, ошондуктан ал коргоого алынган. Андан сырткары арча (сары арча, түркстан арчасы, жапалак арча), кайың, четин ж. б. да өсөт. Айбанаттары: тоо эчки, илбирс, түлкү, карышкыр, элик ж. б.; канаттуулары: кекилик, чил, улар, көгүчкөн, бактек ж. б. Коргоого алынгандан кийин мурда жоголуп бараткан сүт эмүүчүлөр кайра коё берилди. Токойду калыбына келтирүү максатында карагай, арча жана башкачалардын көчөттөрү отургузулууда.




Колдонулган адабияттар түзөтүү