Алжамбаев, Шакин Юнусович

Алжамбаев Шакин Юнусович (20. 12. 1920, Кочкор району, Кош-Дөбө айылы — 19.8.1985, Бишкек) — медицина илимдеринин доктору (1974), профессор (1975).
1939-ж. Бишкек медицина окуу жайын, 1951-ж. КММИнин дарылоо факультетин бүткөн.
1941—45-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Батыш, Брянск, 1-Украина фронтторунда фельдшер, 1951—53-ж. КММИде аспирант, 1953—60-ж. микробиология кафедрасында ассистент, 1960—83-ж. кафедра башчысы болуп иштеген.
Heгизги эмгектери туберкулезго каршы иштерди жакшыртууга арналган. 70тен ашуун илимий эмгектин автору. Саламаттык сактоо жана элге билим берүү отличниги. Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.