Эргеш Алиев

Алиев, Эргеш‎»‎ барагынан багытталды)

Алиев Эргеш (1905, Жалал-Абад дубаны, Ноокен району, Сакалды кыштагы – 1994, ошол эле жерде) – Кыргызстанда кеңеш бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандардын бири. Милициянын генерал-майору. 1927-жылы Кызыл Армияга чакырылып, Кыргыз атчандар дивизионунда кызмат кылган. Милициянын Базаркоргон, Токмок райондук бөлүм-дөрүн жетектеген. 1934–41 жылдары милициянын Алай-Гүлчө райондук, Ош шаардык бөлүмүнүн начальниги, милициянын Тянь-Шань дубандык башкармасынын начальнигинин орун басары. Согуш жылдары (1941–45) ички иштер эл комиссариатынын 107-аткычтар дивизиясынын бөлүмүнүн начальниги, милициянын Ош дубандык башкармасынын начальнигинин орун басары, 1946–47 жылдары милициянын Жалал-Абад дубанынын башкармасынын зардалынын орун басары. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Милиция башкармалыгынын начальнигинин орун басары, милициянын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас дубандык башкармалыктарынын начальнигинин орун басары, 1956–59 жылдары милициянын Жалал-Абад дубандык башкармалыгынын зардалы, милициянын Ош дубандык башкармалыгынын зардалынын орун басары болуп иштеген. Ленин, Кызыл Туу, «Кызыл Жылдыз», 2 «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. ИИМдин Академиясы, райондогу мектеп, Жалал-Абад шаарындагы көчө анын ысмы менен аталган. Милициянын генерал - майору деген наамды 1956-ж. эн биринчи алган кыргыз - Эргеш Алиев (1905-94). Ал 42 жыл ички иштер кызматында эмгектенип, катардагы милициядан генералга чейинки жолду басып откон.