Алкоголь жана анын суррогаттары менен уулануу

Алкоголь жана анын суррогаттары менен уулануу. Тиричиликте алкоголь жана анын суррогаттары менен уулануу көп кезигет.
Алкоголь — наркотик таасирлүү уу. Ал кишини мас кылуу менен өмүргө коркунучтуу катуу ууланууга алып келет. Демейде алкоголь жана анын суррогаттарын көп (500 млден ашык) ичкенде, кээде оорулуулар, айрыкча балдар аны аз эле кабыл алганда ууланышы мүмкүн.

Этил алкоголу менен уулануу түзөтүү

  • Этил алкоголу менен жеңил ууланганда психика бузулат, жүрөк тез кагат, артерия басымы жогорулайт, баш айланат, кускусу келип, кусат.
  • Ал эми катуу ууланууда борбордук нерв системасы өтө жабыркап, эсин жоготот. Бул учурда дем алуу жана жүрөк иши бузулат, ооруну сезбейт, тырышат, тери муздайт, көздүн кан тамырлары кеңеет. Ооз, мурундан былжыр жана шилекей агат, заара ушатып же заңдап жиберет. Алкоголдон ууланууда, айрыкча кант диабети менен ооругандарда диабет комасы болушу мүмкүн (Кант диабети). Гипертония оорусу же атеросклероздо алкоголдун чоң дозасы мээнин кан айлануусун бузуп инсультка же миокарддын инфарктына алып келет. Алкоголь суррогаты ар кандай техникалык суюктуктун, этил спирти бар ар кандай каражаттардын (медикаменттер, косметикалык каражаттар) составында болот. Бул каражаттарды мас болуу үчүн атайын ичкенде ууланат. Алкоголь суррогаты менен ууланууда врачка чейин биринчи жардам көрсөтүүдө эгерде оорулуу эсин жоготпосо, тезинен 3—4 стакан суу (ар бир стаканга 1 чай кашык сода кошуп) ичирип, кустуруп карынын тазалоо керек. Мындан кийин коюу чай же кофе берилет. Эсин жоготуп жатканда карынды медициналык кызматкер гана тазалайт. Медициналык тез жардам келгенче анын башына эч нерсе жаздабай, көмкөрөсүнөн жаткырып, дем алуу жолуна кусунду кетпес үчүн башын капталына буруп коюп, нашатырь спиртин жыттатуу керек.

Киши өзү билбеген спиртти жана дары каражаттарын, алкоголдун ордуна колдонулуучу суюктуктарды ичпөө алкоголь суррогаты менен ууланууну алдын алат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8