Алмашкан ашыктар

Орусиянын 2007-жылы чыккан тасмасы

«Алмашкан ашыктар» (орус. Любовь-морковь) — Орусиянын 2007-жылы тартылган көркөм тасмасы. Мазмундун негизги бөлүгү беларусь драматургу Андрей Курейчиктин «Кыялдарды аткаруучу» чыгармасынан алынган.

Алмашкан ашыктар
Любовь-морковь
Жанры

Комедия
Фантастика

Режиссёру

Александр Стриженов

Продюсери

Ренат Давлетьяров,
Александр Олейников

Сценарийдин
автору

Андрей Курейчик,
Ренат Давлетьяров,
Александр Стриженов,
Александр Олейников

Башкы ролдордо

Гоша Куценко
Кристина Орбакайте
Евгений Стычкин
Андрей Краско

Оператору

Вячеслав Лазарев

Композитору

Аркадий Укупник

Кинокомпания

«Реал-Дакота» Вокс Видео

Узактыгы

94 мүнөт

Өлкө

 Орусия

Тили

Орусча

Жылы

2007

Кийинки тасма

Алмашкан ашыктар 2

IMDb

ID 0976209

Продюсерлери: Ренат Давлетьяров, Александр Котлевский Ролдордо: Кристина Орбакайте, Гоша Куценко, Евгений Стычкин, Андрей Краско, Ольга Орлова, Екатерина Стриженова

Тасманын башкы каармандары кадимкидей эле заманбап үйбүлө мүчөлөрү. Күйөөсү – Андрей Голубев (Гоша Куценко) шаардын алдыңкы адвокаты, карьерасынан башка эч нерсени ойлобойт. Аялы Марина ­­­­­­– (Кристина Орбакайте) искусство адамы, Москвадагы эң кыйын адис болуп эсептелет.

Бул жуп бардык жаш жубайлардай эле жашашат: Марина тамагын даярдап, жолдошун жумуштан күтөт, ал эми Андрей үйүнө түнкүсүн гана кайтат. Жумушунан келээри менен диванга кулайт да, татынакай жубайына көңүл бурбастан, телевизор тиктеп отура бергенден башка колунан эч нерсе келбейт. 7 жыл чогуу жашагандан кийин күйөөсүнүн мындай мамилесине чыдай албаган Марина андан ажыраша тургандыгын билдирет.

Бойдоктун жашоосу оңой эмес экендигин билген Андрей аялын коё бергиси келбей: “Үйбүлөлүк психологго баралы” деп сунуштайт. Жаштар кайрылган доктур Коган жөнөкөй психолог эмес, чыныгы сыйкырчы болуп чыгат. Ал эки жашты жараштырыш үчүн башкача амал ойлоп табат. Тагыраак айтканда, экөөнүн денелерин алмаштырып коюуну чечет. Ошентип, фильмдеги накта кызыктын баары Марина күйөөсүнүн, Андрей болсо аялынын денелеринде ойгонгондо башталат.

Жибектен ич кийим кийген Андрей төшөктө бир топко чейин керилип жатат, анан шашпай туруп, бетине маска коёт. Өзүнүн “жаңы” денесин көргөн соң каткырып күлүп койгондон башка эч нерсе кылбайт. Ал эми Марина болсо чоң-чоң кадам менен басат (эч кандай жамбаш чайкамай деген жок). Денеси алмашканын байкаганда чыныгы эркектей урушуп, эркектей сөгүнөт.

Ошентип, күндөр өтө берет. Андрей аялына тамак жасап берет, Марина болсо футбол ойноп жүрөт. Бирок, баары эле ойлогондой жеңил эмес да! Жумуш деген бар, достор деген бар.

Жубайлар кызматтарына биринин ордуна бири жөнөшөт. “Менин карьерамды буза турган болсоң, көрсөтөм!” дейт күйөөсү. “А сен курбуларымдын алдында мени уят кылба!” деп жинденет аялы.

Башында ушинтип урушкан жаштар кантип жакындаша кеткендерин өздөрү да байкабай калышат. Ар кимиси өз денелерине сарсанаа болуп, саат сайын бири-бирине телефон чалып, ал-жайларын сурап турууга көнүп калышат. Анан бара-бара так ушул сезимдер аларды бир кезде ЗАГСка алып келгенин түшүнүшүп, мурунку ысык мамилелери кайрадан жандана баштайт. Сыйкырчы доктур Когандын жардамы менен Андрей өзүн кантип бааласа, жубайын да ошентип баалоону, ал эми Марина өзүн кандай сүйсө, жолдошун да ошончолук катуу сүйүүнү үйрөнүп, акыры такыр ажырашкыс болушат

Тартуучу топтун сырлары түзөтүү

 
Алмашкан ашыктар.

РЕНАТ ДАВЛЕТЬЯРОВ: “Фильмдин өзөгүн драматург Александр Курейчиктин театралдык пьесасы түзөт. Бирок, биз тарткан тасма оригиналынан бир топ айырмаланат. Пьесада Марина сатуучу болсо, биз аны өнөрпоз, ал эми бухгалтер Андрейди адвокат кылып өзгөртүп коюуну чечтик. Бул фильмде боевик, драма, комедия жанрлары аралашып кеткен. Бирок, башкы идея болгон сүйүү эч өзгөрүүсүз.

КРИСТИНА ОРБАКАЙТЕ: “Мен үчүн эркектин ролун аткаруу өтө деле оорчулук жараткан жок. Мен ансыз деле эркек болуп төрөлүшүм керек болчу. Жадакалса апам­дын боюнда экенимде мага Стасик деп ат коюп коюшкан. Бул тасманы тартууда мен кыйынчылык көр­бөстөн, чоң ырахат алдым. Фильмди 3 жума бою ижарага алынган квартирада тарттык. Убакыт тар болгондуктан, кээде үйгө кетпей эле чоң керебетке жатып алчумун. Ал керебетке жатууга менин, Гошанын жана режиссёрдун гана укугу бар эле. Бир күнү ойгонсом жанымда үн режиссёру, жарык берүүчүлөр, операторлор жатышкан экен. Кыска мөөнөттүн ичинде бардыгыбыз достошуп, жакындашып калганыбызга мен абдан кубанам”.

ГОША КУЦЕНКО: “Бул ролду өмүр бою унутпайм! Мен аткарып жатканда гомосексуалга окшоп калбайын деп аракет кылдым. Татынакай, эч кимден көз карандысыз, акылдуу айымдын образын жаратуу мен үчүн оңойго турган жок. Кристина мага чоң жардам көрсөттү. Мен анын сүйлөгөнүн, баскан-турганын туурап жатып чыныгы аялдай эле болуп калдым. Кээде Кристинанын телефону менен сүйлөшүп да койчумун. Ал тургай бир жолу Алла Борисовна мени Кристина экен деп ойлоп калган. ЕКАТЕРИНА СТРИЖЕНОВА: “Алгач сценарийин окуганымда тасма мага анча жага бербеди. Балким, режиссёр менин жолдошум болбогондо, тартылууга макулдук бербейт элем. Акыры өзүмдүн каарманымдын образына ушунча кирип кетиптирмин, жадакалса өз кыздарым да мени тааныбай калышыптыр”.

АЛЕКСАНДР СТРИЖЕНОВ: “Бул фильмге үйбүлөмдүн бардыгы тартылды. Өзүм чакан ролду, адвокат Аристарховду, келинчегим олигарх күйөөсү менен ажырашып жаткан айымды аткарды. Кичине кызым менен апамды да тасмадан көрө аласыздар. Ал эми профессионалдуу актёрлор тууралуу айта кетсем, алардын баарысы азаматтар. Гоша менен Кристина өз иштерин ушунча мыкты аткарышты, акыры биз да аларды алмаштыра баштадык. Маркум Андрей Краско фильмдин дубляжына катышууга жетишпей калды. Анын үнүн дублёр сүйлөттү. Мындан тышкары, актёрдук топто белгилүү ырчылар Ксения Новикова, Ольга Орлова, алып баруучу Валдис Пельш дагы бар. Менин сүйүктүү актёрлорум Евгений Стычкин менен Эвклид Кюрдзидистин жасаган эмгектерине сөз жок. Бардыгына ыраазычылыгымды билдиргим келет”.

Кызыктуу түзөтүү

Фильмге саундтрек катары көп сандаган ырлар жазылган. Алардын катарында Орбакайтенин “Асманды тарткым келет”, Орлованын “Сыр сөз”, Долинанын “Мүмкүн” аттуу ырлары бар. Тасманын композитору белгилүү ырчы Аркадий Укупник экенин айта кетели. Фильмдин бет ачарына атактуу адамдар, Москванын элитасы чогулган. Мисалы, алпаруучулар А. Малахов, А. Цекало, Е. Малышева, депутат М. Малиновская, ырчы П. Шаляпин жана Кристинанын атасы Миколас Орбакас.

Алла Пугачёва фильмдин расмий бет ачарына келе албай калган. Ушул себеп менен ырчы айым үчүн башка күнү бүт кинотеатр арендага алынып, Алла Борисовна кызынын эмгегин жалгыз отуруп көргөн.

Тасманы алгач “Сүйүү кайда баратат?” деп аташкан. Кийин аны “Любовь-морковь” деп которууну туура көрүшкөн. Бул аталышы англис тилине кандайча которулаары азырынча белгисиз. Биз болсок мазмунуна карап “Алмашкан ашыктар” деп которууну туура көрдүк.

Даярдаган Бегайым Мусакеева. Маалымат http://www.super.kg веб сайтынан алынды.