Алтай полиметалл кендүү аймагы

Алтай полиметалл кендүү аймагы - полиметаллдын Россиядагы ири кендери жайгашкан аймак. Аймак Россия бөлүгүндөгү Алтай тоолорунун түштүк-батыш жана түндүк-батыш капталдарында, узундугу 500 км, туурасы 50 км аянтты ээлейт. Аймак эки жагынан тектоникалык терең жаракалар менен чектелет. Анын аймагында негизинен палеозой заманында пайда болгон чөкмө жанартоо тектери жана гранит интрузиялары жатат. Тоотектер герцин бүктөлүүсүнөн өзгөрүүлөргө учурап, жаракаланган. Аймакта 800дөн ашык полиметалл кени бар. Алардын көпчүлүгү 18-кылымдан тартып белгилүү. Ирилери: Зырян, Лениногорск, Змеиногорск, Березовка, Иртыш ж. б. Кендеги негизги металлдар: Pb, Cu, Zn, алардан башка кошумча иретинде Au, Ag, Cd, Se, Te, As, Sb, Tn, Ga ж. б. 20дан ашык сейрек кездешүүчү элемент бөлүнүп алынат. Кен таштар гранит интрузиялары менен байланыштуу болуп, тектоникалык жаракаларга, интрузиянын чет жактарына, антиклиналдык түзүлүштөрдө топтолгон. Кендер герцин металлогения доорунда гидротерм жолу менен пайда болуп, негизинен тарамчалар, линзалар, уячалар түрүндө кезигет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү