Айнуру Алтыбаева

Кыргызстандык саясатчы
Алтыбаева Айнуру‎»‎ барагынан багытталды)

Айнуру Алтыбаева (төр. 28-февраль 1958, Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР[2]) — Кыргызстандык саясатчы жана коомдук ишмер, V жана VI чакырылыштардагы ЖКнын депутаты

Айнуру Алтыбаева
Айнуру Тойчиевна Алтыбаева
Туулган датасы:

28 -февраль 1958(1958-02-28) (66 жаш)

Туулган жери:

Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Билими:

Кыргыз Улуттук Университети (КУУ)

Партиясы:

КСДП (2015 — а. у)
Ар-Намыс (2010 — 2015)

Ишмердүүлүгү:

ЖК-тин депутаты (VI чак. 2015 — а.у)
ЖК-тин депутаты (V чак. 2010 — 2015)[1]

Өмүр баяны түзөтүү

Айнуру Алтыбаева 1958-жылы 28-февралда Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин "экономист" адистиги боюнча, 1998-жылы ошол эле жогорку окуу жайын "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн. Айнуру Алтыбаева 1979-1997-жылдары Ош облусунун аткаруу комитетинде ар кандай кызматтарда иштеген.1997-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө эмгектенип, 2006-2007-жылдары "Ата ЛТД" ЖЧКсынын директору болгон. Айнуру Алтыбаева 2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Свердлов райондук башкармалыгынын орун басары, 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде консултанты, ал эми 2010-жылы "Аялдар кеңеши" коомдук бирикмесинин төрайымы жана "Биримдик" Кыргызстан демократиялык партиясынын төрайымы болуп шайланган[3]. 2010-жылдын октябрь айында "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган. 2012-жылдын ноябрь айында Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы болгон. 2015-жылдын 4-октябрында КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Сыйлыктары жана Наамдары түзөтүү

  • Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги;
  • Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык иштеринин отличниги;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак граматасы, КМШ ПААнын Ардак грамотасы менен сыйланган.
  • «Акыйкат», «Мээримдүүлүк», «Датка айым» медалдарынын ээси[4]

Жеке Жашоосу түзөтүү

Үй бүлөлүү, төрт баланы тарбиялайт.

Шилтемелер түзөтүү

  1. Алтыбаева Super.kg жылнаама. Super.kg. Текшерилген күнү 7 -февраль (бирдин айы) 2018.
  2. Айнуру Алтыбаева. StanRadar. Текшерилген күнү 7 -февраль (бирдин айы) 2018.
  3. Айнуру Алтыбаева. Supreme Council of Kyrgyzstan. Текшерилген күнү 7 -февраль (бирдин айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2018.
  4. Kenesh.kg Archived 2018-02-08 at the Wayback Machine (кырг.)