Алтымышбаев Асылбек Алтымышбаевич [1912, Жети-Өгүз району, Калматай (Шалбаа) айылы —1987, Бишкек] — философ, Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954), философия илимдеринин доктору (1961), профессор (1962). Кыргыз ССР ИАсын түзүүчүлөрүнүн бири, ал КРнын философия жана укук илимдеринин башатында турган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

1942-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.
1948—49-ж. Кыргызстан БКнын алдындагы Республикалык партия мектебинин философия кафедрасынын башчысы.
1949—50-ж. ССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын Тил жана тарых институтунун директору, 1950—52-ж. ошол филиалдын Президиумунун төрагасына биринчи орун басар, 1952-54-ж. Кыргызстан КП БКнын илим жана маданият бөлүмүнө башчы, Кыргыз ССР ИАнын вице президенти, 1954—66-ж. философия жана укук институтунун директору, 1966—75-ж. улук илимий кызматкери. 1975-жылдан ошол эле институттун директору болгон.

Жетишкендиктери түзөтүү

Алтымышбаевдын илимий эмгектери Орто Азия элдеринин социалдык маданиятынын калыптануу, өнүгүү закон ченемдеринин кээ бир теориялык маселелерин, кыргыз элинин коомдук-саясий жана философиялык ой-пикиринин өнүгүү тарыхын изилдөөгө арналган. Социалдык маданий проблемалар, коомдук аң-сезимдин тарыхы жөнүндө көп эмгектери бар. 60тан ашык илимий эмгектин автору.

Сыйлыктары түзөтүү

Алтымышбаев А. А. КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, "Эмгек Кызыл Туу", "Ардак Белгиси", "Элдердин Достугу" ордендери, медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү