Алтынай Тажыбаева
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Алтынай Тажыбаева
Туулган жылы: 1964-жыл
Туулган жери: Кожо-Aбад району, Анжыян облусу, Өзбекстан
Өлкө: Өзүбекстан желеги
Ишмердүүлүгү: театр иликтөөчү, журналист
Наамдары: искусство таануу илимдеринин доктору, профессор

Тажыбаева, Алтынай - өзүбек театр иликтөөчүсү, искусство таануу илимдеринин доктору

Өмүр жолу жана ишмердүүлүгү түзөтүү

Алтынай Тажыбева 1964-жылы Өзүбек ССРинин Анжыян облусунун Кожобад районунда туулган.
Ал айылдык орто мектепти аяктагандан кийин Ташкенттеги Өзүбекстан улуттук университетинин журналисттик факультетине келип кирет.
1988-жылы университетти бүтүргөн соң Өзүбекстан мамлекеттик телевидениесине кабарчылыкка кабыл алынат.
Ошондон тартып 2006-жылга чейин А.Тажыбаева аталаган мамлекеттик телевидениеде кабарчылыктан тартып редактор, бөлүм башчысы болуп эмгектенген.
Телевидениеде иштеп жүргөн учурда эле ал Өзүбекстан Академиясынын көркөм өнөр таануу илимий изилдөө институтунун аспирантурасын бүтүрүп, диссертациясын жактап, 1997-жылы искусство таануу илимдеринин кандидаты деген илимий даражага ээ болгон.
2008-жылы жогоруда аталган илим изилдөө институтунун докторантурасын аяктаган.
2011-жылы “Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү” деген темада докторлук диссертациясын жактаган.
Өзбекстандын мамлекеттик искусство таануу илим изилдөө институтунун директорунун орун басары.

Илимий ишмердүүлүгү: “Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү” монографиясы түзөтүү

А. Тажыбаеванын аталган илимий эмгегинин бир чоң бөлүгү бүтүндөй бойдон кыргыздын улуттук эпикалык театрынын тарыхына арналган. Ал түгүл А.Тажыбаева ушул бөлүмүн 2009-жылы А.Зулпихаровго кыргыз тилине котортуп, өз бетинче китеп кылып чыгарган.
Бул китепте кыргыздын 1930-жылдардан баштап 2000-жылга чейинки 20-кылымдагы эпикалык театрынын тарыхы өтө кеңири иликтенген. Айрыкча автор К.Жантөшевдин “Курманбек”, А.Куттубаев, К.Маликовдун “Жаңыл Мырза”, Ш.Садыбакасовдун “Ак боз ат”, Ж.СадыковдунМанастын уулу-Семетей”, “Сейтек”, “Айкөл Манас”, Ж.Кулмамбетовдун “Кагылайын, Манасым!”, “Манас, Манас болгону...” драмаларына жана алардын негизинде коюлган спектаклдерге, “Сахна” театрынын “Жаңыл-Мырза”, “Курманбек” оюндарына өтө кеңири талдоо жүргүзүп илимий баа берген.
Аталган спектаклдерди сахналаштырышкан режиссерлор Искендер Рыскулов, Жалил Абдыкадыров, Бообек Ибраев, Акелең Кускаков, Абдырашит Байтемиров ж.б. интерпретацияларына жана эпикалык чыгармаларды сахналаштыруудагы режиссердук өзгөчөлүктөрүнө терең илимий талдоо жүргүзгөн.
Кыргыз сахнасынын улуу артисттери Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүковадан тартып, Асанбек Кыдырназаров, Гүлшара Дулатова, Сабира Күмүшалиева, Күнболот Досумбаев, Жамал Сейдакматова, Мираида Далбаева, ал түгүл Замирбек Сооронбаев, Калыйча Сейдалиевалардын эпикалык спектаклдерде жараткан образдарына олуттуу илимий баа берилген.
Бул эмгекте А.Тажыбаева кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын Орто Азиянын, анын ичинде кыргыз театрынын өсүп-өнүгүүсүнө тийгизген таасирин да өзүнчө бөлүктө, өтө терең иликтеп чыккан.
Бул эмгек кыргыз театрынын тарыхын жазуудагы кемтикти толтурууга салымын кошкону менен баалуу болуп саналат.

Жаныш Кулмамбетовдун "Кагылайын, Манасым!" драмасы тууралуу түзөтүү

 
Жаныш Кулмамбетов, драматург, сынчы, режиссер, журналист, публицист, котормочу

Өзүбек театр иликтөөчүсү, искусство таануу илимдеринин доктору Алтынай Тажыбаеванын “Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү” китебинен алынды. Бишкек, “Бийиктик”, 2009-жыл, 43-57-беттер. ISBN 978-9967-13-540-6.

1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата Бишкекте «Манас жана театр» деп аталган театр фестивалы өткөрүлдү. Фестивалда кыргыз драматургдарынын байыркы эпостун мотивдери боюнча жана алардын таасиринде жаралган 7 спектакль катышты. Алардан төртөө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз драмтеатрынын спектаклдери эле. Булар – Ж. Садыковдун үчилтигинин негизиндеги жогоруда карап өтүлгөн үч чыгарма жана Жаныш Кулмамбетовдун «Кагылайын, Манасым!» драмасы болчу.
Фестивалга Касымаалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театры Ж.Кулмамбетовдун калемине таандык «Манас, Манас болгону…» спектаклин, Нарын музыкалык драма театры Табылды Актанов жазган жана сахналаштырган «Манастын төрөлүшү» чыгармасын, «Туңгуч» эксперименталдык театры «Кайран катын Каныкей» деп аталган Мукамбет Токтобаевдин пьесасы негизиндеги спектаклди тартуу кылды. Спектаклдерде Кыргыздрам театрында ийгиликке жетишкен трилогиянын чыгармачыл таасири сезилип турду. Айрыкча «Туңгуч» эксперименталдык театрынын «Кайран катын Каныкей» драмасында Жамал Сейдакматова башкы ролду аткарып жатып, трилогияда аткарган Каныкейинин өзүн кайталайт. Пьесанын автору, актёр Мукамбет Токтобаевдин өзү да трилогияда жетекчи каарманды аткаргандыгы үчүн таптакыр анын таасирине түшүп калгандыгы сезилди.
Фестивалда биринчи орун Кыргыздрамтеатрынын «Кагылайын, Манасым!», экинчи орун ошол театрдын «Манастын уулу Семетей» жана үчүнчү орун «Элим, ай!» спектаклдерине берилди. Кыргыз театр таануучулары ассоцияциясынын маалыматтарына караганда, бул фестивалда эпостун рухун жана анын көркөм сахналык интерпретациясын табууда жаңылык жараткан спектаклдер жеңип чыгышкан. Фестивалдын жеңүүчүсү «Кагылайын, Манасым!» спектакли 1992-жылы сахналаштырылган, бул чыгарма эки бөлүктөн турган ыр түрүндөгү эпикалык фантазия деп айтылат, анын автору Жаныш Кулмамбетов тарабынан. Спектаклди чыгаан режиссёр Искендер Рыскулов сахнага койгон, сценографиясынын автору Йулдаш Нурматов.
И. Рыскулов менен Й. Нурматовдордун тандеми өтө белгилүү жана жемиштүү болуп, алар В. Шекспирдин «Ричард III», Ч. Айтматовдун «Ак кеме», “Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт”, “Жаныбарым, Гүлсары!”, “Кылым карыткан бир күн”, Акира Куросаванын «Трамвай дөңгөлөгүнүн доошу алдында» сыяктуу спектаклдери менен кыргыз театрына чоң атак-даңк алып келишкен.
Драманын вариантына «манасчынын айтуусу боюнча аткарылат» деп жазып коюлган жана спектаклде мына ушул стилдин сакталып калышына өзгөчө маани берилген. Спектаклдин негизинде улуу манасчы Тыныбектин образы турат. Авторлор бул образ аркылуу манасчы болуудагы өзүнө мүнөздүү болгон байыркы ритуалды көрсөтүшөт. Тыныбек галлюцинациянын ичинде манасчылыкка дилин берген болсо, анын даарыган абалы менен байланыштуу түрдө «Манас» эпосунун мотивдери негизине курулган спектакль жанданат.
Мурда айтып өткөнүбүздөй, изилдөөчүлөр айткандай манасчылыкты Теңир өзү ыйгарат, мындан 1000 – 500жыл илгери өтүшкөн Ырамандын ырчы уул, Токтогул сыяктуу мифологиялык манасчылардын түшүндө келечекте алар манасчы болушаары жөнүндө жышаан келген, деген пикирлер илгери сүрүлөт.
«Кагылайын, Манасым!» спектаклинде мына ушул алдын ала айтуу, сыйкырдуу түш, дааруу жетекчи линия болуп кызмат кылат жана окуялар алар менен параллель түрдө болуп өтөт.
Чындыгында да бакшынын образын сүрөттөө Борбордук Азиянын эпикалык театрында жаңылык болбостон, бул көркөм усул бир топ тажрыйбаларда иш жүзүнө ашырылган. Алсак, Өзбек Улуттук академиялык театрында И. Султандын «Номаълум киши» пьесасы негизиндеги спектаклдеги Нурбаба, Мукимий атындагы Өзбек Мамлекеттик музыкалык театрынын «Көр уулу» эпосунун негизинде Камил Яшин жараткан «Равшан ва Зулхумордагы» төрт бакшы, ошондой эле, Усман Азимдин «Алпомишнинг кайтиши» пьесасындагы Хаккул сыяктуулар мына ушундай көрүнүштөгү аткаруучу-бакшылардын образы болуп саналат. Бул чыгармаларда бакшы окуялардын активдүү катышуучусу иретинде көрүнгөн болсо, кыргыз драматургу Ж.Кулмамбетовдун чыгармасынын негизиндеги спектаклде ал башкы каарманга айланат.
Драматургдун новаторлугу пьесада «Манас» эпосунун мотивдери түздөн-түз тарыхый жана тарыхый-мифологиялык адамдар, ишенимдер, гипотеза жана көз караштар менен тыгыз байланышта талкууга алынгандыгында. Чыгарма Тыныбектин түшүндө Ырамандын келиши менен башталат. Автор бул жерде мифологиялык Ыраман манасчынын уулу иретинде Ырмананын образын келтирет.
Тыныбектин ролун аткарган Кыргызстан эл артисти Замирбек Сооронбаев бул образдын көз алдыбызда динамикалык темпте өсүп барышын ишенерлүү түрдө ачып берет. Ал баштап Ырманандын келишин жана анын кереметтүү сөздөрүн коркунуч менен кабыл алган болсо, Кайып-эне - Чыйырдынын абалындагы эненин ыйы, кыздардын кошоктору жана ээсиз калган элдин кыйын кезең учуру – элдин мына ушундай оор абалына күбө болуу аны рухий жактан өстүрөт, чыңалтат жана каарман деңгээлине көтөрүлүшүнө себепчи болот. Усман Азимдин пьесасында «Алпамышсыз эл болбойт», дейилгени сыяктуу бул спектаклде Манассыз эл эл эместиги мотиви алга сүрүлөт.
Өзүнүн Манасын, бул деген өзүнүн тарыхын билбеген эл кыйрап жок болушун жана мында Акындын элдин ар-намысы иретинде улуу Манастын өзүндөй эзелки дөөлөттөрдү эске салып турушу спектаклден көздө тутулган башкы максат болуп саналат.
Спектаклдин жетекчи каармандарынан бири Кыргызстан эл артисти Калийча Сейдалиева жараткан Кайып–эне - Чыйырдынын образы. Адатта кыргыз актрисалары «Манас» жөнүндө жазылган чыгармаларда Манастын апасы Чыйырдынын келбеттүү жана абройлуу аял көрүнүшүндөгү сымбаттуу турпатын жаратып келишкен. К. Сейдалиевага болсо бул спектаклде жин даарыган аялдын образын жаратуу милдети жүктөлгөн. Чыйырды уулу Манастын өлүмүнөн таптакыр эс-акылын жоготкон, эми болсо анын элеси менен сүйлөшүүлөрдөн акылынан айнып калгандай туюлат. Анын денесинде эки аял жашайт. Чыйырды «Манас» эпосундагы эпикалык эненин образына өзүнүн өткөн күндөрү катары карап, аны маал-маалы менен эстейт, бул эскерүүлөр аны кээде кубантырса, кээде терең кайгыга батырат. Актриса ролду образдын маани-маңызын өтө терең түшүнгөн түрдө аткарган.
Бул спектакль 1996-жылы Уфада өткөрүлгөн Түркий тилдүү театрлардын «Туганлык» Эларалык фестивалында катышканда Калича Сейдалиевага «Эң мыкты аял ролу үчүн» сыйлыгы ыйгарылган. Фестивалда москвалык сынчы, искусство таануу илимдеринин кандидаты А. Калиш бул роль жөнүндө төмөнкүлөрдү айткан: «Кыргыздын актрисаларын сөзү жок абалда да түшүнүүгө болот. Кыргыз театры тарыхындагы жаркын элестер – Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеевалардын натурасында эпикалык образды терең сезе алуу жөндөмдүүлүгү аябай күчтүү болчу. Мен бүгүн мына ушул залкар көркөм өнөр адамдарынын чыгармачылык жолу Калийча Сейдалиева тарабынан улантылып жаткандыгын көрдүм».
Уулу Манастын өлүмү Чыйырды – Калийча Сейдалиева үчүн жашоонун аягы, өмүрдүн акыркы ашуусу болуп таасир эткен. Чыйырды алыскы өткөн күндөрүн эскерип, Жакып менен перзентсиз өтүп жаткан күндөрүндө кудайдан перзент тилегендерин, боюна бүтүп талгак болгондо арстандын жүрөгүн таптырып келип жегенин, уулунун жарык дүйнөгө келгенин жана бул дүйнөдө эң бактылуу эне болгонун речитатив-ыр түрүндө ырдар жүрөт. Анын ыры музыкасыз, жалаң гана үндүн мүмкүнчүлүктөрү менен кайгыны жеткирип берүүгө каратылган болуп, ырдын таасирдүүлүгүн ашырган. Чыйырды – Калича Сейдалиева ырды баштап өзүнө-өзү, кийинчерээк болсо бардык көрүнгөн адамдарга айтып жүрөт, анын мындай эс-акылын жоготкон абалы Тыныбектин образын каарман иретинде өсүшүндө негизги каражаттардан болуп кызмат кылат.
Спектаклдин эң эле эсте каларлуу каармандарынан бири – бул Төкмө акын. Бул ролду Чоробек Думанаевдер жана Күмөндөр Абылов аткарышкан. Эки актёр тең ар кандай доорлордо болуп келген замандын талабына карап ырдаган Арзымат акындардын жалпылаштырылган келбетин чагылдырууга араккаеттенишкен. Каарман төкмө болгондуктан образ кыйла апыртылат. Элдин чөлдүн ортосунан арык казып, жасаган ишинен кубанып эмгектенишинде жана Тыныбектин аларды мындай майнапсыз жолдон кайтарууга аракетинде Төкмө аябай активдешет. Чындыгында Төкмө адамдарды мына ушул максатсыз ишке салып, алардын аң-сезимине ушунчалык таасирин тийгизгендиктен, алар туура жол көрсөткөн Тыныбекке ишенишпейт. Алар Төкмөгө гана ишенишет. Ала үчүн анын сөздөрүнүн калети жок. Адамдардын ушундайча жол менен манкурттук кебетесине түшүп калгандыктары Төкмө сыяктуу акындардын артынан ээрчип, баскынчы Алоокеге кул болгондуктарынын натыйжасы болуп эсептелет.
Төкмө “гений” Алоокенин кыргыз эли жакын арада жоголуп кетет дегенин жана бул алдын ала айтууга эч кандай каршылык жок экендигин айтып, адамдарды арык казуу үчүн жигердүүлүк менен эмгектенүүгө үндөйт. Элдин ырында кулдуктун оор көрүнүшү чагылдырылат. «Кулдуктун эң коркунучтуу жери бара-бара колундагы кишенге да анын мээри түшүп калат», деп даанышмандар айткан накыл сөз мына ушул көрүнүштө өтө таасын ачылып берилген. Элдин ырында: «Биз бүгүн ачка болсок да, эртең курсагыбыз тоёт. Анткени арык казуу менен биз бейишке жол салып жатабыз. Биз бейишке башкалардан мурдараак кирип барабыз. Ошондуктан да биз бактылуубуз», делинет.
Спектаклде ушундай учурлар аркылуу чыгармачыл топ кечээки күндөрүбүздүн ачуу жалгандарына каймана ишарат кылат. Кудум коммунизмге алып барчу жолду издеген сыяктуу, чөлдөгү эл да бейиштен үмүттөнүп илгерилей берет. Мындай жагдайлар көрүүчүнү терең ойлоого, пикир жүгүртүүгө үндөйт.
Көзү сокур, кулагы дүлөй, тили дудук болгон калайык-калк манасчы Тыныбектин аларды жолдон кайтаруу үчүн айткан сөздөрүнө, жалынып-жалбарууларына кулак салбайт. Алар үчүн дүйнөдө бир гана “гений” бар. Ал -Алооке жана ал баштаган бейиштин жолу. Андан башкасы жок. Алоокенин аты спектаклде аябай көп колдонулат, ал бардык баскынчылардын жалпылаштырылган образы катары киргизилген. Бирок бул каарман спектаклдин башынан аягына чейин бир да жолу көрүнбөйт. Кейипкерлердин диалогдорунан болуп жаткан адилетсиздиктер Алооке тарабынан жүргүзүлүп жатканын жана ал канчалык каардуу, түркөй, жийиркеничтүү экендигин толук элестете алабыз. Бул оюнду койгон чыгармачыл жамааттын өздөрүнө мүнөздүү табылгасы болуп, спектаклди да байыткан.
Замирбек Сооронбаев (Сооронбаев, Замирбек ) Тыныбектин кайгылуу учурлардагы абалын ишенимдүү ачат. Ал бардык жасагандары пайдасыз экендигин түшүнүп, кайгылуу ырын ырдаганда, анын кайгысын Кайып–эне - Чыйырдынын ыйы коштоп кетет. И. Рыскулов эки белгилүү аткаруучу – К. Сейдалиева менен З. Сооронбаевдердин бул коштоосуна өзгөчө маани берген. Айрыкча алардын кайгылаштык сезимдеринин жуурулушуп кетүү сахнасы спектаклдин эң таасирдүү эпизоддорунан бири болгон.
Кайып-эне - Чыйырды – К. Сейдалиева муңдуу кошогун айтып жатканда, башын ийген Тыныбек тоого карай жол тартат. Бирок кадам сайын аны Чыйырдынын ыйы коштоп барат.
Тоого келсе, малчылар коюн жайып коюшуп, озондоп “сонун да” деп ыр созушуп, бул дүйнөдө бейкапар мастык жыргалына батып жатышат. Тыныбек аларды эсине, арына келтирүүгө, аларга жардам берүүгө, мастык шайтандын иши экендигин түшүндүрүүгө аракеттенет. Бирок Алооке жөнөткөн бозого тоюп алып канча күндөрдөн бери мас болуп жыргап жатышкан малчылар аны тоотуп да коюшпайт. Тыныбек элди мындай абалда таштап кете албайт болчу, ошондуктан аларга, көзүңөрдү ачкыла, деп жалбара баштайт. Мына ошондо малчылардын каары кармап, Тыныбектин колу-бутун байлап, аёосуздук менен токмоктошот. Тыныбек алдан таят, ал кудайга кайрылган сыяктуу көккө карап, «Сен үчүн курман болуп жатамын, Манасым!» – деп өкүрүк коштогон ырын ырдайт. Ошол мезгилде ар дайым өзү көрүнбөстөн, үнү гана угулуп турган Ыраман кирип келет.
Ырамандын турпатында олуя түрүндөгү улуу төлгөчү көрсөтүлгөн. Бул каарман Кыргызстан эл артисти Байдөбөтов, Дүйшөнбек тарабынан баатырдык-романтикалык интерпретацияда сыпатталат. Байдөбөтовдун Ыраманы абдан келбеттүү жана аябай сулуу.
Ыраман колунда комузу менен чыгып келип, ырларында бүткүл чындыкты ачып салат. Алооке кыргыз журтун басып киргенде бардык жамандарын сактап калып, келесоолорун калтырып, алсыздарын алып калып, жакшыларын, акылдууларын, күчтүүлөрүн өлтүрүүгө буйрук кылганын айтат. Жерди коргой турган шер, элди коргой турган эр чыкканда гана журт журт болот, дейт Ыраман.
Тыныбек терең ойго батат. Анын алдынан Кайып–эне - Чыйырды кайра дагы кошогун айтып өтөт. Бул кошокторго үндөш түрдө беш кыздын кайгылуу ыры жаңырат. Бул беш кыз журтунан баатырлар куулгандыгы, эр жигиттер кырылгандыгы себептүү алар бактысыздыкка өкүм кылынгандыктары жөнүндө арман ырларын ырдашууда. Ошол мезгилде сахнанын жогору жагынан шоола көрүнөт. Шоола жогору жактан өтүп, сахнанын төрүндөгү борбордук жерге келет. Кыздар Ай башка жактан чыккандыгына таң калышат. Ошондо Ыраман ырчы баатыр төрөлгөндө ушундай болоорун, Алоокенин күнү бүткөнүн алдын ала айтат. «Эгерде арстан өкүрсө, Ала-Тоо азаттыкка чыгат, эгерде жолборс өкүрсө, Кара-Тоо азаттыкка чыгат, демек, арстан жүрөктүү Манас элине кайтты», дейт ал.
Чыйырды болсо эс-учунан ажыраган абалда, эми аны талгак тута баштайт, өзүн коёрго жай таппай, далбас урат жана талгактан кыйналып жаткан эненин абалына түшөт. Актриса Калийча Сейдалиева өзүн өзү койгулап, ар тарапка чарк айлана жүгүрүп, талгактан азап тартып, азыр арстан жүрөктүүнү төрөймүн, деп ыйлайт, анын башынан өткөрүп жаткандары көрүүчүнү да кайдыгер калтырбайт.
Ошол учурда күн күркүрөгөн менен чагылгандын үнү берилет. Баягы шоола чоңоюп барат. Сахнада жанып-өчүп турган чырактардын жардамында кандайдыр коркунучтун башталып жаткандыгы туюнтулат.
Жаратылыштын стихиясы күчөп, туу чокуга чыккан кезде борбордук орунда турган Ала-Тоо тең экиге ажырайт. Шоола эми барган сайын чоңоюп олтурат. Тоонун арасынан шооланын ордунан Манас чыгып келет. Манастын келбети силуэт түрүндө берилет.
Кийинки сахнада тынч турмуштун символу иретинде Ала-Тоонун үстүндө күндүн нур чачып турганын көрөбүз. Комуздун үнү жаңырат, бир топ адамдардын ортосунда олтуруп алып күпүлдөтө «Манасты» айтып жаткан Тыныбекти көрөбүз. Бир саамга үн жаңыргандан кийин көшөгө тартылат.
Бул финал өзүнүн кайрат берүүчү деми менен чоң мааниге ээ. Чыгармачыл жамааттын чындыкты ырдаган манасчы бар экен, ар дайым эл тынч, эркин жана ынтымактуу болот, деген маанини туюнтууну өздөрүнүн алдына максат кылып коюшкандыктарын түшүнөбүз.
Ж.Кулмамбетовдун «Манас, Манас болгону» драмасын болсо Ысык-Көл театрында режиссёр Акелең Кускаков (Кускаков, Акелең)сахналаштырган. Сахнанын жасалгаларын Садыр Ниязакунов менен Бакытбек Тилекматовдор биргеликте иштешкен, спектаклдин музыкасын болсо Советжан Мукамбетов жазган.
Автор чыгарманын жанрын эпоско саякат деп атаган жана текстти дастандын жолу менен, ыр түрүндө жазган. Пьесанын мындайча түзүлүшү спектаклде эпикалык салтка таянып, аткарууда Манас айтуунун жолун колдоого үндөгөн. Режиссёр А. Кускаков спектаклде салттуулукту толук сактап калган түрдө азыркы заман театрынын элементтерин колдоно билген.
Сахна ачылганда келбеттүү Ала-Тоонун боорунда боз үйлөр көрүнөт. Алыстан үн жаңырат: «Э-э-эй, бабаңардын жомогу
Баштаса келээр оролу.
Эзелкинин жомогу
Эстесе келээр оролу.
Бабаңардын жомогу
Баштабасак болобу?
Атаңардын жомогу
Айтпай кетсек болобу…»
Бул саптар «Манас» эпосунун «Жомок башы» бөлүгүнөн алынган болуп, дрматург тарабынан ошол боюнча колдонулган. Бул жерде автор чыныгы манасчынын тилинен айтылган сөздөрдү эпостун өзүнөн өзгөртпөй алышы өзүнчө чоң мааниге ээ.
Бул жаңырык угулары менен сахнанын арт жагынан бала үнүнүн барынча кыйкырып жүгүргөнчө чыгып келет: «Эй-эй-ээй, манасчы келди, манасчы-ы!!!»
Режиссёр А. Кускаков бул жерде элди уйкудан жаңы күндүн символу жардамында ойготууга көңүлдү бурат. Бала бул жакшы кабарды токтоосуз айтып, сахнаны бойлой шаттанып жүгүрүү менен бардыгын ойготууга урунат. Боз үйлөрдөн бир-бирден адамдар чыгып келе башташат. Кай бирөөлөр кубануу менен көздөрү күлүп, кай бирөөлөр эмне болуп кеткендигине түшүнбөй чыгып келип сахнанын алды жагына топтолушат. Муну менен жаңы доорду кай бирөөлөр терең түшүнүү менен, кай бирөөлөр маани-маңызын түшүнүп жетпей, дагы кай бирөөлөр али да уйку аралаш дендароо тосуп алгандыгына ишарат кылынат. Массовка ошентип сахнанын алды жагына чогулат, жол берип, манасчыны ортого алышат. Өзү-өзүнөн массовка көрүүчүгө айланып, манасчыны тегеректешет.
Манасчы «Манас» айтууну баштайт. Режиссёр Акелең Кускаковдун эң маанилүү табылгасын окуялардын өнүгүүсүнө карай угуучулардын биринин артынан бири спектаклдин персонаждарына айланып барышкандыгы түзөт. Манасчынын айтуусу аяктаганда болсо анын айланасындагы адамдардын бардыгы белгилүү катышуучуга айланганын көрөбүз.
Манасчы Кытайдын каны Алоокенин Ала-Тоонун этегине баскынчылык менен кирип келгендигин айтканда, жагдай жандана түшөт. Актёр А. Калымбетов массовканын ичинен чыга салып заматта түркөй баскынчынын түсүнө кирет. Алооке кыргыз эли анын колунда тыптыйпыл болушун алдын ала айтат. Кыргыздар мага кул болууга гана ылайык, дейт ал өзүнүн уруулаштарына. Алоокени урмат менен узатып коюшат. Мына ошондон кийин манасчы сахнанын четине өтөт жана окуялардын уландысын айтып турат.
Спектаклде бардык окуялар манасчы менен башталып, кийинчерээк жандана түшүшү өзүнчө бир усул түрүндө көрүүчүнүн көңүлүн тартат. Мында манасчы деталдарды толугу менен эмес, окуялардын башталышын гана айтып өтөт, калгандары болсо кыймыл-аракеттер аркылуу көрсөтүлөт. Мындайча усул эпоско саякат түрүндө кабыл алынып, спектаклдин жанрына да ылайык келет.
Манасчы менен Манастын ролдорун актёр Алтынбек Шатеновдун бир өзү аткарган. Бул эки ролду бир спектаклде ойноо А. Шатеновго кыйынчылык туудурбайт, анткени манасчы да, Манас да бири-бирин мазмун жагынан толуктап туруучу образдар болуп саналат.
Жалпысынан алганда, ролдорду бөлүштүрүүдө режиссёр А. Кускаков бир актёр бир нечеден роль ойношун назарда туткан. Ошону менен биргеликте ролдордун бири экинчисинин кайталанышы болуп калбастыгына да көңүл бурган. Алсак, башкы каармандан тышкары даанышман Бакайдын, Баба Дыйкандын, Бай жигиттин ролдорун алар натурасы жагынан бири-бирине жакын болгондугу үчүн актёр Д. Нургазиев аткарат. Ошону менен бирге театрдын таланттуу актёру А. Калымбетов бири-бирине окшош болбогон, кээ учурларда атүгүл натурасы жагынан карама-каршы саналган ар түрдүү характерлерди жаратат. Буларга Кытайдын каны баскынчы Алоокенин, душманынын кошуунунан баш тартып, Манаска эң жакын дос болуп өткөн Алмамбеттин, эл өкүлү Эсенкандын ролдору кирет. Айныкса Алмамбеттин образы спектаклде өзүнүн бир облигинен таптакыр башка формага өтүшүндөй татаал кырдаалды башынан өткөрөт. Актёр Алмаз Калымбетов бул милдетти ийгиликтүү аткарат.
Бул чыгарма Касымаалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрынын масштабдуу спектаклдеринен бири болуп калды. Анда салттык формадан чыгууга аракеттенүү, аткаруучу актёрлорду бир спектаклде бир канчадан роль аткаруу сыяктуу татаал шарттарга алып кирүү чыгармачыл эксперимент катары өзүн актады. Спектакль театрга ийгилик алып келди.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Алтынай Тажыбаева. Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү. Бишкек, "Бийиктик", 2009. - ISBN 978-9967-13-540-6.