Алымбаев Эркин Шакирович
Алымбаев Эркин Шакирович - (1962-ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары) - педиатр, медицина илимдеринин доктору (2001). КММИни (1985), СССР МИАнын педиатрия ИИИнин аспирантурасын (1990, Москва ш.) бүтүргөн. КММИде ординатор, 1990-жылдан КММАнын факультеттик педиатрия кафедрасында ассистент. Эмгектери: Гастродуоденальная патология у детей (в соавторстве). Б., 2000.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1