Алымбек датка

Алымбек Датка Асан бий уулу
Алымбек Датка, Асан бий уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Алымбек Датка Асан бий уулу, Алымбек парваначы (1799–1862) – кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. Жыйырма жети жашында аял алган. 31 жашында ага датка наамы ыйгарылган. Ал алайлык кыргыздардан чыккан эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. Алымбек 1831 ­ж. Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн.

Отуз эки жашында Анжиян вилайетинин беги болуп дайындалып, Ош ордосунда таасирдүү рол ойногон.

1842-жылы Шераалыны хандыкка көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган. 1845-жылдагы ордого каршы Ош көтөрүлүшүн жетектеген.

Хандыктагы саясий жана мамлекеттин 30 жылдык (1831–1862) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. 1862-жылы 24-февралда Малла ханды өлтүрүү үчүн кутумга (заговорго) катышкан. Тактыга Шераалы хандын он эки жаштагы жээни Шах Мурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган. Кокон хандыгынын акыйкатсыз, баскынчы саясатын колдогон эмес.

Алымбек датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган, өз алдынча кыргыз мамлекетин түзүүгө далалаттанган.

Отуз жылдык (1831-1862) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. Алымбек датка Кокондун 4 ханын көргөн (Мадалы, Шералы, Мала, Шах мурад).

Адабият түзөтүү

  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003. - “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”. - “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”.
  • Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003

Интернеттик шилтемелер түзөтүү