Аман Алымкул уулу (1909, Атаке болуштугу, Жарбаң айылы – 2003, Чүй району, Маданият айылы) – кыргыз санжырачысы, советтик, партиялык кызматкер, тарыхчы-педагог. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.

1930-жылдары Фрунзедеги педтехникумду, мугалимдер институтун, КМУну бүтүргөн. Токмок рабфагында, орто мектепте мугалим, колхоздо башкарманын төрагасы, комсомолдун Кыргызстан БКнын дыйкан жаштар бөлүмүнүн башчысы, Панфилов районундук аткомунун төрагасы, Чүй районундук гезитинин башкы редактору, 40 жылдан ашык Чүй районундагы Дүр орто мектебинде директор болуп иштеген.

«Жарбаңдардын санжырасы», «Агартуу мурастарыбыз», «Манап бий таржымалы» деген китептердин, санжыра боюнча 50дөн ашуун макалалардын автору.

Орден, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү