Амилацетат жана изоамилацетат

Амилацетат жана изоамилацетат (уксус к-тасынын амил жана изоамил эфири), СН3(СН2)4ОСОСН3, (СН3)2-СН-СН2-СН2ОСОСН3; – түссүз суюктуктар, мол. масс. 130,18. Физикалык касиеттери таблицада көрсөтүлгөн.

Ацетаттар татаал эфирлерге мүнөздүү касиеттерге ээ (гидролиз, аммонолиз, углеводород чынжырында орун алмашуу ж. б.). А. жана И-ты уксус к-тасын тиешелүү спирттер менен конц. күкүрт к-тасынын катышуусу менен ысытуудан алынат. Изоамилацетат нитроцеллюлоза зриткичи катары (кинопленка, целлулоид чыгарууда) жана тамак-аш өнөр жайларда «алмурут эссенциясы» деген ат менен кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү