Андре-Мари Ампер

Ампер Андре Мари‎»‎ барагынан багытталды)

Андре-Мари Ампер (22-январь 1775-жылы — 10-июнь 1836-жылы) — француз физиги жана математиги; электр динамикасын негиздөөчүлөрдүн бири, Париж ИАга мүчө (1814-жылы).

1805-жылдан Париждеги политехникалык мектепте иштеген. Ушул мезгилде ыктымалдык теориясы, вариациялык эсептөө, математикалык талдоо боюнча эмгектерин жарыялаган. 1824-жылдан Париждеги Нормалдуу мектептин профессору Ампер физика боюнча иштери менен ири окумуштуулардын катарына кошулган. 1820-жылы X. К. Эрстед электр тогунун магнит жебесине жасаган аракетин ачкандан кийин, Ампер. ток аракети менен магнит жебесинин кыйшаюу багытын аныктаган. Анын кийинки изилдөөлөрү электр тогу өткөн учурда өткөргүчтөрдүн өз ара аракеттенүүлөрүнүн ачылышына жана бул өз ара аракеттенүү күчүнүн чоңдугун аныктоого алып келген. Ампер 1-жолу магнетизм теориясын түзгөн.

Булактар түзөтүү