Амплификация(лат.amplification-көбөйтүү,кеңейтүү) стилистикалык фигура,текстте речтик конструкциялардын же айрым сөздөрдүн кайра кайра кайталанышы.Чыгарманын поэтикалуулугун,таасирин арттыруучу ыкмалардын бири.

"Манас" эпостогу амплификация түзөтүү

Чыгарманын поэтикалуулугун, таасирдүүлүгүн арттыруучу каражаттардын бири. Амплификация «Манас» эпосунда өтө көп кездешет:

Кара болот ок өтпөс,
Кырк кыраан, кие турган кез келди,
Качкындарды таандай
Чоролор, тие турган кез келди.
Какайлатып токмоктоп
Карыкандын алдында,
Баатырлар, кире турган кез келди.
Жүгөн катпай жайдактап,
Качкынды мине турган кез келди (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 548-инв., 400-б.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • Манас энциклопедия. Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы.“Мурас” илимий-пропагандалык ишкер долбоору Бишкек,1995.