Анализдөөчү аргындаштыруу

Анализдөөчү аргындаштыруу - организмдердин белгисиз генотибин аныктоо үчүн, аны рецессивдик белгиси бар организм менен аргындаштыруу. Эгер ушундай аргындаштыруудан кийин, белги биринчи муунда (F1) бирдей болуп, ажыроо байкалбаса, анда изилдеген организмдин генотиби гомозиготалуу болот.

Рецессивдүү белгиси бар организмдин генотиби (аа), фенотиби боюнча эле аныкталат. Анткени ал организм сөзсүз гомозиготалуу (аа) болот, эгерде гетерозиготалуу (Аа) болсо, анда доминанттуу белги байкалмак. Доминанттуу белгини алып жүргөн гомо (АА) жана гетерозиготалуу (Аа) организмдер фенотиби боюнча айырмаланышпайт. Алардын генотибин билиш үчүн А. а. колдонулат.

Өсүмдүк менен жаныбар селекциясында генотипти аныктоонун мааниси чоң. Медицинада санжырага кирген тукумудун саны боюнча, анализдөөчү аргындаштырууга ылайык келген белгилер изилденет. Мисалы, кара көздүү жа көк көздүү ата-энеден жалаң кара көздүү балдар төрөлсө, анда кара көздүү особду гомозиготалуу (АА) деп эсептешет. Ал эми ушундай фенотиптүү үй- бүлөдө, кара жана көк көздүү балдар төрөлсө, анда кара көздүү жубай гетерозиготалуу (Аа) болуп эсептелет, себеби белгилердин ажыроосу жүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү