Ангиография — түрдүү органдардын (мээ, жүрөк, бөйрөк жана башка) лимфа жана кан тамырларын рентгендик изилдөө методу. Аны жасарда текшериле турган кан тамырга же органга контрасттуу (даана көлөкө берүүчү жана организмге зыянсыз) заттар жиберилип, андан кийин бир нече рентгендик сүрөт тартылат. Ангиография ар кандай органдардын кан менен жабдылышын, кан тамырлардын жана анын тегерегиндеги ткандардын оорусун изилдөөдө колдонулат.

Ангиограмма


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8