Андреев Юрий Николаевич

Андреев, Юрий Николаевич‎»‎ барагынан багытталды)

Андреев Юрий Николаевич (7. 8. 1933-жылы туулган) - геолог, Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1972). Ростов мамлекеттик университетинин геология факультетин бүтүргөн (1957). Кыргыз геология башкармасынын Түштүк Кыргызстандын геологиялык экспедициясында геолог (1957-73), башкы геолог (1973-76) болуп иштеген. Кыргызстандагы сымаптын ири кенин чалгындоо жумуштарына активдүү катышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1