Анимизм – бардык нерселерде, кубулуштарда жашырынып жата турган жана аларды «башкара» турган жаратылыштан тышкары фантастикалык күч жана рух бар деп ишенүү, аларга дин катары кароо, аны жактаган диндик мистикалык агым. Анимизм христиан, буддизм жана ислам диндеринин бир бөлүгү катары да таанылган.

"Манас" эпосундагы анимизм түзөтүү

Анимизм (лат. animus — жан, рух) — материалдык жана материалдык эмес бардык нерселер менен кубулуштар сыйкырдуу, керемет күчкө эгедер, алардын үстүнөн башкарып турган жандардын бар экенине карата болгон ишеним. Анимисттик көз караш боюнча бүт табигат ак санатай же кара санатай рухтар менен курчалган, ал эми табияттын кара күчтөрү фантастикалык рухий күч катары эсептелет. Кишилер тоо-ташка, бадалдарга, дарактарга, аска-чокуларга, күнгө, ай-жылдызга, жерге, сууга, отко, булактарга жана башкалар сыйынышкан. Ошолордун эгесине арнап курмандык чалышкан. Анимисттик ойлоонун элементтери «Манас» эпосунда да орун алган. Анимизмдин негизги жоболорунун бири асман, жер жана суу эгесине, анын колдоочулугуна, зыян келтирүүчүлүгүнө ишенүү. Манастын төрөлүшү Жакыптын Теңир эгесине бала сурап жалынуусу жана ага арнап мал союп курман чалуусу менен мотивдештирилет. Каармандар бири-бирине болгон ишеничти, актыкты, берилгендикти далилдөө жана душмандар менен согуштарда жеңишке жетишүү үчүн Теңирлерге табынышат. Ошол себептен сюжеттик окуянын өнүгүшүндө, каармандардын мүнөзүн берүүдө «төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун» деген ишеним кайталанып отурат. Каармандардын ой-тилегинин ишке ашпай калышы, согуштан жеңилиши, айрым жаңылыштыктары да Теңирдин каргышы менен байланыштырылат. Эпостун «Манас» бөлүмүндөгү мындай архаикалык ишенимдер «Семетей» менен «Сейтекте» улантылат. Ааламды үч баскычка, үч башка дүйнө, жашоо катары түшүнүү адаты да анимисттик аң-сезимдин бири болуп саналат. Атап айтканда жер асты, жер үстү жана асман мейкиндигине адамдардын жашоосунун мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү байыркылык ой-пикир «Манас» эпосунда образдардын бири Эр Төштүктүн окуяларына байланыштуу чагылтылат. Адам денеси менен жанынын айырмачылыгы, жандын түбөлүк өлбөстүгү, анын башка формада жашашы өңдүү түшүнүктөр да анимисттик ойлоонун табигый жемиши. Жакып уулу Манастын «чымындай жанынын амандыгын тилеши», Бооң аяр менен болгон урушта (Сагымбай Орозбаковдун вариантында) Ошпур анын кардын канжар менен жарса, кан ордуна суу чыгып, түтүн бөлүнүп, башын денесинен ажыратып, атка сүйрөтсө да жан чыкпай, атүгүл Бооңдун кесилген башы сүйрөгөн дененин артынан ээрчиши тек гана Ырдык аярдын дуба окуганында «көк түтүн чыгып буркурап, азыр турган токсон миң, түтүнүнөн көрө албай жүдөп чуркурап» (Сагымбай Орозбаков, 2.114) турушун баяндаган окуялар эпостогу анимизмдин белгилери болуп саналат. Анимисттик ойлоонун өзүнчөлүгү катарында же бул көрүнүштүн руху жөнүндөгү түшүнүктөрдүн иштелиши жана ошого байланыштуу кыялый образдардын да орун алышын көрсөтүүгө болот. «Манас» эпосундагы монументтүү эпикалык баатырды колдоп жүргөн, багыт берген, душмандардан, түрдүү кырсыктардан сактаган пирлер Кырк чилтен, Кыдыр, Баба Дыйкан, Ойсул-Ата, Камбар-Ата, Шаймердендер анимизмдин эпостун образдык системасына, идеялык өзөгүнө, көркөмдүүлүгүнө бир кыйла таасир эткен. Эпостогу анимисттик аңсезимдин мыйзам ченемине ылайык бул фантастикалык-мифтик портреттик мүнөздөмөлөрү сырткы көрүнүшү, аткарган милдеттери боюнча биринен бири кыйла айырмаланып турат. Эпикалык баатырлар Алмамбет менен Чубактын жана башкалар элесин, монументтүүлүгүн жаратууда да анимисттик катмар, образдар жана түшүнүктөр ийкемдүү түрдө кызмат кылат. Эпостун «Семетей» бөлүмүнүн негизги окуяларынын дээрлик бардыгында Кызыр, Кырк чилтендин колдоочулук кызматы көрүнөт. Каныкейдин Тайторуну чабышында анын биринчи келиши, Семетейдин Таластын суусун кечиши, Күлчоро Кара-Үңкүрдө түнөп калганда өзүнчө аян бериши сыяктуу эпизоддордо да анимизмдин көрүнүштөрү чагылдырылат. «Сейтек» поэмасында мындай анимисттик демонологиялык образдар, түшүнүктөр айрым гана окуялардын тутумунда берилип, пассивдүү катышат. Эпостогу салттык мотив боюнча жаңы төрөлгөн Сейтекке эч ким ылайыктуу ысым коё албай турганда Кызыр ат коюп берет. «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүндөгү Айчүрөктүн түпкү теги, Семетейдин кайып болушу жана Желмогуз уулу Сарыбайдын окуяларын баяндаган эпизоддорду да анимисттик ойлоонун туундусу катары эсептөөгө болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4