Антиутопияутопияга карама-каршы болгон, Батыштагы коомдук пикирдин агымы.

Ал социалдык идеяларды жана калыс коомдук түзүлүштү орнотууну четке кагат. Жашоодо калыс коомдук түзүлүштү орнотууда алаамат дагы коштоп жүрөт. Аналогиялык мааниде батыш социологиялык адабияттарында «дистопия» деген дагы түшүнүк кездешет. Андан башка «какатопия», б. а. жамандыктын мекени (гр. жаман, каардуу жана орун) деген түшүнүк кездешет. Антиутопия Батышта Орусиядагы социалисттик революциянын жеңишинен кийин кеңири тараган.

Антиутопиянын кеңири белгилүү жана типтүү болгон Е. Заметиндин романдары «Биз» жана О. Хакслинин «Маймыл жана маңыздык» Дж. Оруэллдин «Жаныбарлардын фермасы», Э. Берджессанын «Механикалык апельсин» М. Янгдын «Меритократиянын жогорулашы» ж. б. социалдык жана саясий фантастикалык жанрдагы чыгармалары кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8