Анфас (французча  enface, сөзмө-сөз бетине) – сүрөтү тартылып жаткан адамдын бет маңдайынан түшүшү. Байыртадан эле кудай колдоочулардын скульптуралык жана живопистик сүрөттөрүндө бул ыкманы колдонуп келишкен, себеби бет маңдайынан тартылган сүрөт кудай колдоочуга «түбөлүктүүлүк менен кыймылсыздыкты берген, ал эми А-тагы фигуранын коюлушу трибун, кол башчы, монархтардын салтанаттуу портреттериндеги шаңдуулуктан кабар берет. Христиан көркөм искусствосунда Вседержитель менен Богоматерь Оранта дайыма бет маңдайынан гана тартылган, ал эми Богоматердин бала менен түшкөн сүрөтүндө Дева Мария уулун көздөй эңкейип турат. А. ыкмасы диаметрлик карама-каршы ролду да ойногон: ал көрүүчү менен аны тике карап турган жана ага анын өзүнүн күзгүдөгү чагылышындай болуп көрүнгөн портретте сүрөттөлгөн адамдын ортосунда чакан, ынактык, ички жакындык атмосферасын түзгөн (мис., Рембрандттын автопортретиндеги анын акылдуу көз карашы, 1658-ж. Огюст Ренуардын «Желпинчеги бар кыз» сүрөтүндөгү кыздын шайыр жүзү). Бул ыкманы колдонууда сүрөттөлгөн адамдын көз карашындагы багыт чоң роль ойнойт. Башка жакты караган көздөр көрүүчүнү сүрөттөн алаксытат. Көздөрү ылдый караган сүрөт сүрөттөлгөн моделдин ички дүйнөсүн жашырып тургансыйт. Ал эми көз карашы тике көрүүчүгө багытталган сүрөт ошол адамдын ички дүйнөсүн түшүнүүгө жардам берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү