Аорстор (грекче Aorsoi) - сармат урууларынын союзу. Аорстор жөнүндө Страбон, Птолемей, Плиний жана Тациттин эмгектеринде маалыматтар бар. Аорстор алгач Арал же Каспий деңиздеринин түндүгүндө жашаган. Биздин заманга чейинки 2-кылымда Каспий деңизи менен Дондун түндүк жээгиндеги талааларды ээлешип, андан Кавказга чейин барышкан. Аорстор жоокер, көчмөн эл болуп, негизинен малчылык менен кесиптенишкен жана Закавказьенин, Боспор мамлекетинин жана Орто Азиянын элдери менен соода жүргүзгөн. Биздин замандын 2-кылымында аландар башкарган сармат урууларынын союзунун курамына кирген. Оренбург талаалары менен төмөнкү Волга боюнда биздин заманга чейинки 4-2-кылымдагы көрүстөндөр аорсторго таандык делип жүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1