Апсет (англ. upset) — Саясатта же спорттук мелдеште болчу көрүнүш. Англисчеден которгондо «капалануу, күтүлбөгөн жыйынтык, алдын ала пландардын бузулушу» деген маанини берет. Мелдештеги эч ким ишенбеген адамдын мыкты делген катышуучуну же андердогдун фаворитти утуусу апсет деп аталат. Спортто букмекерлер тарабынан жеңилет деп эсептелинген спортчу же команданын утуусу, ал эми саясатта жүргүзүлгөн сурамжылоодо ута албайт деген саясатчынын же партиянын жеңип чыгуусу. Мисалы, Тайсон Фьюринин Владимир Кличкону утуусун, же АКШ президенти Гарри Трумэндин күтүлбөгөн жеңишин апсет деп билсек болот. Кызыгы, бокс спортунда жыл сайын «Жыл апсети» деген наам ыйгарылып келет.

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү