Апсиев (Абзиев) Монош (1938-ж. т., Нарын району, Карагай-Булак айылы) — контрабасчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1996), эмгек сиңирген артисти (1987).
1958-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүткөн. Ошол эле мезгилде К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштейт.
1958-ж. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасына катышат.
1963-ж. Алматыдагы Курмангазы атындагы консерваторияны бүтөт. Консерваторияда окуп жүргөндө Казак мамлекеттик симфониялык оркестринде да иштейт.
1963— 66-ж. кайрадан К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, 1966-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин контрабас тобунун концерт-мейстри болуп иштейт. Ошол эле учурда Бишкектеги балдар музыкалык мектептеринде, музыкалык окуу жайында, искусство институтунда, консерваторияда сабак берет.
Кыргыз композиторлорунун ондогон аспаптык жана башка чыгармаларын контрабас үчүн иштеп чыккан. Медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.