Апта, жума - жети суткага барабар убакыт мезгили. Ар бир күндүн өз аты бар.

Жети күндүк апта биринчи жолу Байыркы Чыгышта колдонулган. Ал эми б.з.ч. 1 кылымда Римде киргизилип, андан кийин Батыш Европага жайылган.
Аптанын күндөрү 7 асман нерсесине (телосуна) байланышып аталган.
Мисалы,
дүйшөмбү - Айга, (Французча: Lundi; испанча: Lunes; англисче: Monday, Moon)
шейшемби - Марска, (Французча: Mardi; испанча: Martes)
шаршемби - Меркурийге, (Французча: Le Mercredi; испанча: El Miércoles)
бейшемби - Юпитерге, (Французча: Jeudi; испанча: Jueves)
жума - Чолпонго (Венера), (Французча: Vendredi; испанча: Viernes)
ишемби - Сатурнга, (англисче: Saturday, Saturn)
жекшемби - Күнгө (англисче: Sunday, Sun) (арналган) таандык күндөр.

Кээ бир элде убакытты беш күндүк жана он күндүк аптага бөлүү кабыл алынган. Мисалы, Байыркы Египетте он күндүк (декада) апта болгон, мындай апта Франция революциясынын календарында да кезигет.

Апта күндөрү

Маалымат булактары:
Кыргызстан. Улуттук энциклопедия. Бишкек, 2006. 453-б.