Герберт Аптекер

Аптекер, Герберт‎»‎ барагынан багытталды)

Герберт Аптекер (англ. Herbert Aptheker, 31 июль 1915 — 17 март 2003) – дүйнөгө таанымал америкалык тарыхчы-марксист, АКШнын коммунистик партиясынын мүчөсү, америкалык марксисттик изилдөө институтунун директору.

Herbert Aptheker
Туулган жылы:

31 -июль 1915(1915-07-31)

Туулган жери:

Бруклин, Нью-Йорк, АКШ

Каза болгон жылы:

17 -март 2003(2003-03-17) (87 жаш)

Каза болгон жери:

Маунтин-Вью, Калифорния, АКШ

Илимий чөйрөсү:

Тарых

Аптекер Герберт буржуазиялык идеологияны, антикоммунизмди, расизмди сындоого, эркиндик жана демократия, негр элдеринин тарыхы көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурган. Буржуазиялык тарыхчылардын, философтордун, социологдордун көз караштарын сынга алуу менен Аптекер коомдун, тап күрөшүнүн өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн, илимий изилдөөнүн методологиясынын ар түрдүү жактарын иликтеген. Ал эл аралык коопсуздук, тынчтык, демократия жана социалдык прогресс үчүн күрөшкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү