Арбак – адам өлгөндө анын жаны денесинен бөлүнүп, тигил дүйнөдө жашоосун улантат деген анимисттик идеянын исламда өзгөртүлүп алынышы. Кыргыздар өлгөн ата-бабаларынын арбактарынан колдоо жана жардам алууга умтулушуп, алардын арбактары артында калган укум-тукумдарынын бейкут жашоосуна жардам бере алат деп ишенишкен. Арбактардын көңүлүн алууга, аларды таарынтпоого аракеттенишкен. Арбакка арнап адам өлгөндө кара ашын, үчүлүгүн, жетилигин, кыркын, ашын өткөрүшкөн, убагында жыт чыгарып, куран окушкан. Кээде өлгөн киши менен кошо курал-жарактарын, күндө колдонуп жүрүүчү буюмдарын коюшкан, бейит башына барганда тамак-аш калтырышкан. Кыргыздарда арбакка сыйынуу ислам динине чейин орун алып, уруулук-патриархалдык мамилелер күч алып турганда айрыкча таасирдүү болгон.

Адабият түзөтүү

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”


Интернеттик шилтемелер түзөтүү