Аргентит
Аргентит (латынча argentum - күмүш), күмүш жалтырагы - күмүш сульфиди, минерал. Химиялык формуласы AgS. Куб сингониясында кристаллданат. Өңү боз. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2-2,5. С. салмагы 7,4. Төмөнкү жана орто температуралуу гидротермдик күмүш кендеринде кездешет. Күмүш алынуучу негизги минералдардын бири.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1