Аристотель
Аристотель (грекче: Ἀριστοτέλης Aristotélēs) (б.з.ч. 384 — б.з.ч. 322 жылдар) — грек философу, Платондун окуучусу, Улуу Искендердин устаты. Ал ар түрдүү чөйрөсүндө илимий иштерди жазган, ошонун ичинде физика, метафизика, акындык өнөр, театр, музыка, логика, чечендик өнөрү, саясат, өкмөт, этика, биология жана зоология.
Сократ жана Платон менен бирге Аристотель батыш философиясынын эң маңызды, анын негизин калоочу тұлғалары катары караштырылат. Ахлақ, эстетика, логика, илим, саясат жана метафизика сыякту маселелерди камтыган эң алгачкы жан-жакты философиялык тутумду қурған — Аристотель. Аристотельдин физикалык көзкараштары ортакылымдык илимнин калыпташуусуна чоң таасир этип, анын ықпалы Агарту дооруна чейин созулду. Биррк кийин ал азыркы заманкы физикака орун берүүгө мажбур болду.