Арифметикалык үч бурчтук

Арифметикалык үч бурчтук - бином коэффициенттерин түзүүчү үч бурчтуу сан таблицасы:

Паскалдын биринчи үч бурчтугунун 15 сабы (n = 0, 1, …, 14)
Ян Хуейдин үч бурчтугу кытайдын орто кылымдык манускриптинде, 1303 жыл

Бул таблица тең капталдуу үч бурчтук түрүндө болуп, капталдарында 1 деген сандар, ал эми калган сандар үстүндөгү эки сандын суммасынан турат. Ал Паскаль үч бурчтугу деп да аталат. Анткени аны Б. Паскаль 1654-ж. «Арифметикалык үч бурчтук жөнүндө трактатында» сунуш кылган. Арифметикалык үч бурчтук Паскалга чейин Германияда Стифель үч бурчтугу, Италияда Тарталья үч бурчтугу ж. б. деп да аталган.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004