Аркбутан (французча arc-boutant - таканчык арка) - таштан жасалып, своддун конструкциясын жөлөп турган жарым арка формасындагы конструкция. Булар көбүнчө готикалык храмдардын түзүлүшүндө колдонулуп, своддун оордугунан түшкөн басымды контрфорсторго өзү аркылуу өткөзөт. Орто кылымдагы архитекторлор аркбутан менен контрфорсторду бирдиктүү колдонуу аркылуу имараттын ички көлөмүн кеңейтүүгө, анын аянтын чоңойтууга жана ички түркүктөргө түшкөн басымды азайтууга жетишкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү