Аркология, экологиялык архитектура - шаарды пландаштырууда шаар калкынын экологиялык жана социалдык-экономикалык муктаждыктарын толук эске алган архитектуранын жаңы багыты. Шаарларда жагымсыз экологиялык абал (чөйрөнүн уулуу заттар, таштанды жана өнөр жай газдары, смог жана башка менен булганышы) түзүлүп, шаардыктар оору-сыркоого көбүрөөк чалдыгат. Ошондуктан аркология калкты табиятка жакындатууга (турак-жай массивдерин жашылдандыруу, эс алуу зоналарын, парк, фонтан жана башка рекреациялык объектилерди түзүү) аракет кылат. Ошондой эле имараттарды курууда курулуш материалдарынын сапатына көңүл бурулуп, адамдардын коопсуздугу сакталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү