Түндүк полярдык тегереги

Арктика алкагы‎»‎ барагынан багытталды)

Арктика алкагы - Жердин эң түндүгүндөгү географиялык алкак. Арктиканын басымдуу бөлүгүн ээлейт. Алкактын чеги эң жылуу айдын (июль же август) 5°С изотермасы боюнча жүргүзүлөт. Алкакка радиациялык баланстын терс же бир аз оң мааниси, арктика аба массасынын үстөмдүк кылышы, узакка созулган уюлдук түн, абанын жана океан суусунун үстүнкү катмарынын муздактыгы мүнөздүү. Алкактын кургактагы бөлүгүндө муздуу же таштуу арктикалык чөл ландшафты үстөмдүк кылат; айрым жерлеринде тундра да кездешип калат. Түндүк муз океандын басымдуу бөлүгү муз менен капталган.

Гренландия.

Колдонулган адабияттар түзөтүү