Арктика бассейни, Уюл бассейни - Түндүк Муз океандын терең бөлүгү. Түндүгүнөн Евразия менен Американын материктик тайыздыктарынын чети жана Нансен босогосу менен чектешет. Аянты 5,3 млн км2дей, эң терең жери 5449 м. Суу астындагы Гаккель, Менделеев, Ломоносов кырка тоолору Арктика бассейнин суу астындагы Нансен, Макаров, Амундсен, Канада чуңкурдуктарына бөлөт. Буурул түндөр жана күндүн горизонттон төмөн турушу, абанын температурасынын төмөндүгү (январда -30°Сден -34°Сге чейин, июлда 0°Сге жакын) калыңдыгы 3 м калкыма муздун (көп жылдык муз) жыл бою турушуна шарт түзөт. Арктика бассейниндеги суу жана муздун циркуляциясы Атлантика жана Тынч океандары менен суу алмашып турушуна (натыйжада Арктика бассейнинин туздуулугу бир калыпта турат; 30-32%о ) жана шамалга байланыштуу. Арктика бассейнинде туруктуу агымдын жана калкыма муздун суткалык орто ылдамдыгы 2-4 км, фитопланктондун 70, зоопланктондун 80дей түрү бар. Арктика бассейнинин чет жакаларын, деңиз арстаны, түлөн, ак аюу мекендейт. 1937-жылы Арктика бассейниндеги уюлга жакын жеринде И. Д. Папаниндин жетекчилиги менен муз үстүндө калкып жүрмө «Түндүк уюл» («СП-1») станция уюшулган.

Арктика бассейни.

Колдонулган адабияттар түзөтүү