Дүйшеев Арстанбек (1932-ж.т., Чүй облусу, Кемин району, Кичикемин айылы – 2003, Бишкек ш.) — мамлекеттик жана партиялык ишмер.

1981-86-ж. Кыргыз ССР Министирлер Советинин төрагасы.

1954-60-ж. Жумгал, Тоң районун чарбаларында ветврач, директор.

1960- 71-ж. Кыргызстан КП Жумгал райкомунун 2-катчысы, Өзгөн райкомунун, Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы.

1979-жылдан Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, 1986- жылдан Кыргызстан Ветеринария илим изилдөө институнун директору. Кыргыз Республикасынын эмгек синирген кызматкер (1992), Ветеринария илимдеринин кандидаты (1968). 3 Эмгек Кызыл туу, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы энциклопедия. 2003-ж.