Артикуляция (музыка) - музыкалык аспапта ойноодо жана ырдоодо добуштарды ырааттуу аткаруу ыкмасы. Аткаруучулук өнөрдө артикуляция маанилүү роль ойноп, бир нече түргө бөлүнөт: 1) легато - бир үндүн (добуштун) үзүлбөй экинчи үнгө өтүшү; 2) стаккато - музыкалык аспапта ойноодо жана ырдоодо үндөрдү үзүп-үзүп аткаруу; 3) портаменто - бир үндөн экинчи үнгө жай, динамикалык жагынан созулуңку бир калыпта ойноо менен өтүү; 4) глиссандо - бир үндөн экинчи үнгө тез өтүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү