Артёмов кениУкраинадагы таш туз кени. Запасы боюнча (5 млрд одан ашык) дүйнөдөгү ири кендердин бири. Донецк облусундагы Бахмут жана Тара дарыясынын өрөөнүндө. Артёмов шаарына жакын. Курамында NaCl 97,7—98,7 % . 1871-жылы ачылып, 1881-жылдан жер астынан казылып алынат. Донецк туздуу бассейнинде, Славян-Бахмут синклиналында жайгашкан. Туздуу структуранын узундугу 45 км, туурасы 35 км. Пермь мезгилинде пайда болгон туздуу катмар 19 кабатты камтыйт. Алардын жалпы калындыгы 180 м. Калыңдыгы 12—50 м болгон 340 мге чейинки тереңдиктеги 3 кабаты өнөр жайлык мааниде; Артёмов кенинин тузу организмге өтө керектүү микроэлементтердин комплексине бай.

Колдонулган адабияттар түзөтүү