Архантроптор (Archanthropus, гр. archaios – байыркы, anthropos - адам) - казылып алынган, адам уруусундагы байыркы адамдар. Антропологияда адам эволюциясынын баштапкы баскычы да А. деген термин менен берилет. Ал палеонтроптордун келип чыгышына алып келген. А-го питекантороптор, синантроптор, атлантроптор, гейделбер адамдары жана башка кирет. А-дун сөөк калдыктары Азия, Европа, Африканын ортоңку плейстоценинен бери белгилүү. Баш сөөгү кууш жана жөнөкөй белгилери менен мүнөздөлөт. Мергенчилик жана өсүмдүктөрдү чогултуу менен алектенишкен А. таштан эмгек куралдарын жасашкан. Тил жаңы пайда болгон мезгил болгон. Социалдык уюштурулушунун формасы - байыркы адамдардын үйүрү. Бардык А-ду түз басуучу адамдар (Homo erectus) бир түрү түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү