Арыз (даттануу) – бюрократтык башкаруунун курамдык бөлүгү, жогорку инстанцияларга конфликттерге кийлигишүү же башка кийлигишүүлөр жөнүндө жазуу же оозеки кайрылуу. Арыз жарандарда салыштырмалуу эрксиздик сезимин пайда кылат. Арыз берүү менен жарандын жогоркулардын бийлигин тааныгандыгын, башкаруунун эффективдүүлүгүнө ишенгендигин билгизет. Негизинен, бийликтин башы тартип, чындыктын, адилеттүүлүктүн булагы катары таанылгандыктын күбөсү.

Колдонулган адабият түзөтүү

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б